«Экөө тең ооруп жүрүптүр». Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору отставкага кетти

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору кызматынан бошотулганын 5-февралдагы басма сөз жыйында кабарлады.

«Бишкек шаарынын прокурору [Темирбек Бекмаматов] жана Ош шаарынын прокурору [Кубат Абдраимов] экөө тең өздөрүнүн жазган арызы боюнча, ден соолугуна байланыштуу бүгүн кызматтан кетти. Экөө тең ден соолугун дарылаталы дейт, жарым жылдан ашуун экөө тең ооруп жүрүптүр», — деди Зулушев.

Бекмаматов жана Абдраимов бул кызматтарга 2018-жылы дайындалган.

Эки прокурор тууралуу эмне белгилүү

Темирбек Бекмаматов / Кубат Абдраимов

2015-жылы Бекмаматов жана Каржы полициясынын тергөөчүсү Адилет Байбосуновдун унаасы кагышып, алардын ортосунда чыр чыккан. Уруш учурунда Бекмаматов травматикалык тапанчадан Байбосуновго ок чыгарган.

Кийинчерээк Бекмаматов тергөөчү мас абалда болгонун, «өзүн жана унаадагы үй-бүлөсүн» коргоо үчүн тапанчадан атканын билдирген.

Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина «Кой-Таш окуясы» боюнча соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Бекмаматов экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тууганы болгонун билдирген.

Өткөн жылдын февраль айында Оштун 21 жаштагы тургуну прокурор Кубат Абдраимов аны жумушка киргизүү «50 миң сом алганын, бирок аягында жумушсуз калганын билдирип» Башкы прокуратурага арыз жазган.

Ал эми 2020-жылдын май айында Абдраимов Улуу жеңишке арналган иш-чарага кызматтык форма менен калпак кийип алганы үчүн сөгүш алган.