«Жумушка алам деп 50 миң сом алды». Ош шаарынын тургуну прокурордун үстүнөн арыз жазды

Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну Ош шаардык прокуратурасынын прокурору Кубат Абдраимов «андан жумушка киргизүү үчүн 50 миң сом алганын, бирок аягында жумушсуз калганын билдирип» Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу «Т-Медиа» басылмасы жазып чыкты

Арыз ээси башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго акчаны кайтарууга жардам берүүсүн суранган. Ошондой эле акчаны апасы банктан насыяга алып бергенин айткан.

Шаар тургуну «Т-Медиага» берген интервьюсунда прокуратурага 2018-жылы Ош шаардык прокуратурасына коомдук жардамчы болуп ишке киргенин айткан. Андан кийин прокурор Абдраимов апасын жумушка чакыртып “кызыңызды мен жумушка башка орунга коем” деп акча алганын тастыктаган. Аны чындап эле башка кызматка которушкан, бирок ага чейин иштеген кызматкер декреттен чыккандан кийин ал жумушсуз калганын айткан.

2020-жылдын январында апасы операция болуп жатканына байланыштуу прокурорго кайрадан акчаны кайтарып берүүнү суранып кат жазганда, «беш мүнөт өтпөй апама чалып, аябай катуу кыйкырып урушуп берди» деген ал маек куруп жатып. Мындан тышкары прокурор анын үстүнөн 17-февралда Башкы прокуратурага «мени белгисиз абонент коркутуп, жалаа жаап атат» деп арыз жазганын кабарлаган.

Ал түшүнүк кат жазып, арыз менен башкы көзөмөл органына кайрылган. Бирок прокурордун тааныштары аны тосмо арыз жаздырууга аракеттенип жатышканын кошумчалаган. «Тынчтык жолу менен эле бүтө турган нерсени өзү баарына жарыя кылып алды. Азыр мага жумушунун деле кереги жок. Апамы карап ооруканада жатам. Биздин туугандарыбызды, тааныш-билиштерди ортого салып, “Акчаны кайтаралы, ал сенин атыңы жаманатты кылып жиберет, сен тирешпе, тосмо арыз жаз», — деп айткан ал «Т-Медиага».

Башкы прокуратуранын расмий сайтында Кубат Абдраимов — Ош шаарынын прокурору, юстициянын 1-классындагы кеңешчиси экендиги маалымадалат. Аталган ведомствонун басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков «Клоопко» Абдраимовдун үстүнөн арыз келип түшкөнүн тастыктады.

«Учурда арыз боюнча тийиштүү бөлүмгө тапшырма берилди. Анализ жүргүзүлгөндөн соң расмий билдирүү берилет», — деди Максатбеков.

Материал жарык көрөөр алдында Абдраимовдун өзүнөн интервью алууга мүмкүн болгон жок.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык 2019-жылы Өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү күтүүсүз текшерүү учурунда прокурордук-тергөөнүн 245 кызматкери эмгек жана кызмат дисциплинасын бузганы аныктаган. Натыйжада алар тартип жоопкерлигине тартылган. Ошондой эле алты прокурор кызматынан алынган. Алар прокуратура кызматкеринин аброюна шек келтирген деп айыпталган.