«Көмүр падышасы» атыккан Нурлан Мотуевдин жаза мөөнөтү бир жылга кыскартылды

Жогорку сот экс-депутат Нурлан Мотуевге карата чыгарылган мурдагы инстанциялардын өкүмдөрүн өзгөртүп, 2021-жылдын 3-февралында чыгарган токтому менен анын жаза өтөө мөөнөтүн бир жылга кыскартты.

Жогорку соттун чечимине ылайык, Мотуевдин жазасы жарым-жартылай кыскартылгандыктан аны үч жылга мамлекеттик кызматтарды аркалоо укугунан ажыратуу менен алты жылга эркинен ажыратуу жазасы аныкталды.

Мотуев өзү эл алдында бир нече ирет Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө тыюу салынган «Ислам мамлекети» террордук уюмун колдогон көз караштарын билдирген. Ал 2016-жылы экстремисттик мүнөздөгү сөздөрү үчүн кармалган. Анда ал «Элдик парламент» кыймылынын лидерлеринин форумуна катышкан болчу. Ал «ИГИЛдин можахеддериндей болуп жашаш керек» деген сөзү үчүн кармалган.

Кийинчерээк Свердлов райондук соту аны терроризмге, улуттук жана аймак аралык кастыкка ачык чакырык таштаганы үчүн жети жылга жатак абагына кескен.

Нурлан Мотуев деген ким?

Нурлан Мотуев — билими боюнча филолог жана дипломат. Ал 2005-жылы март айындагы революциядан кийин Нарын облусундагы көмүр тилкелерин басып алган учурдагы чуулу акцияларынын арты менен белгилүү болгон. Анда ал көмүр тилкелери «элдин менчиги» деп билдирген.

Мотуев аларды бир нече ай көзөмөлдөп жатып алгандан кийин 2006-жылы кармалып, арадан жарым жылдан кийин кылмыштуу аракеттердин 14 эпизоду, анын ичинде баасы 32 млн сомдон ашык көмүрдү уурдоо боюнча айыпталган.

Ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулгандан кийин 2009-жылы Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлигин коюп, 21 724 добуш алган. Мындан тышкары ал 2014-жылы өлкөнүн акыйкатчысы кызматына да талапкерлигин койгон.

Мындан тышкары, ал 2021-жылы өткөн кезексиз президенттик шайлоого да катышууну пландап, ал тургай БШКга документтерин тапшырган. Бирок комиссия соттуулугу жоюла электигинен документтерин кайра кайтарып берген.

Ошондой эле Мотуев «Азамат Компани» компаниясынын директору, Кыргызстындын Элдик-патриоттук кыймылынын төрагасы жана Чыныгы мусулмандар союзунун башчысы болгон. Ал «Көмүр падышасы» деген каймана ат менен да белгилүү.