Премьер-министр Улукбек Марипов 7-февралда видеокайрылуу жасап, өкмөт Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычын стратегиялык объекттер тизмесине киргизүү жакынкы күндөрү Коопсуздук кеңешине сунушталарын билдирди.
«Төрткүл суу сактагычы, анан “Головной” [Төрткүл каналы] боюнча дагы бизде азыр өзгөчө бир ой пикирибиз бар. Жакынкы күндөрдө Төрткүл суу сактагычын, ошондой эле анын “Головноюн” стратегиялык объекттерге киргизүү боюнча азыр иш башталды. Муну биз урматтуу президентибизге, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жакынкы күндөрдө сунуштайбыз», — деди Марипов.
Анткен менен буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов Төрткүл каналы «стратегиялык өзгөчө маанилүү объект» болгонун жана ал Кыргызстандын ички аскерлери тарабынан кайтарылып жатканын билдирген. Ошондой эле Жаныбеков суу сактагычтын стратегиялык маанилүүлүгүн «дагы бир тепкичке көтөрүү боюнча сунуш» берилгенин кошумчалаган.
*Өкмөттүн 2014-жылы кабыл алынган №99 токтомуна ылайык, мамлекеттик стратегиялык объектилер «өтө маанилүү» (А), «маанилүү» (Б) жана «олуттуу» (В) деген категорияларга бөлүнгөн. Төрткүл суу сактагычы Б категориясындагы «маанилүү стратегиялык объекттердин» тизмесине кирген.
Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» билдиргендей, өкмөткө суу сактагычты стратегиялык объекттердин «А категориясына» өткөрүү сунушталган.
«Өзгөчө маанилүү стратегиялык объекттер бул “А категориясы” болуп эсептелет. Ошого [Төрткүл суу сактагычын “А категориясына”] өткөрүү боюнча бизден сунуш берилген, азыр өкмөт ошону карап жатат экен», — деди Бердикулова.
Суу ресурстар мамлекеттик агентигинин директору Көкүмбек Таштаналиев «Клоопко» Төрткүл суу сактагычын «өтө маанилүү стратегиялык объектилердин» тизмесине киргизүү сунушталып жатканын тастыктады. Ошондой эле Таштаналиев суу сактагычка куйган «Головной» каналы да азырынча Б категориясындагы стратегиялык объектке кирерин айтты.
«Кыргызстанда өтө маанилүү стратегиялык объект катары Кировский, Орто-Токой, Папан жана Ала-Букадагы Касан-Сай суу сактагычтары тизмеге кирген. Азыр [Төрткүлдү] бешинчи кылып, киргизгени турабыз [...] “Головной” курулмасы [Төрткүл суу сактагычы] комплекстүү да. Экөөнү тең киргизилет», — деди Таштаналиев.
Марипов нааразычылык жараткан билдирүүсү
Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында Төрткүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткенин билдирген. Бул билдирүү жергиликтүү тургундар арасында нааразычылык жараткан. Ал эми Баткен облусунун тургундары Мариповдун айткандары боюнча расмий түшүндүрмө берүүсүн талап кылган.
Анын эртеси күнү, 4-февралда, өкмөт аппаратынын маалымат камсыздоо бөлүмү Төрткүл суу сактагычына кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү болгонун билдирген.
Анткен менен 5-февралда 100дөгөн киши өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө алдында нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Алар Марипов жаңылышып алганын мойнуна алып, кечирим сурашын талап кылышкан.
Ал эми премьер-министр 7-февралдагы кайрылуусунда Тажикстанга «Головной» каналы эмес «500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү» Кайырма каналы тууралуу сөз кылганмын деп тактоо киргизди.
Бирок 8-февралда өкмөт үйүнүн алдында Мариповдун кайрылуусу боюнча митинг өттү. «Чек араны көзөмөлдөө» бирикмесинин активисттери Мариповдун акыркы билдирүүсү «жетишсиз» болгонун айтышып, кечирим суроосун талап кылышты.
«Кандай деңгээлде, кайсы платформада, кайсы трибунада сүйлөсө да жол-жобосуна ылайык депутаттардын, элдин алдында расмий билдирүү жасасын. Блогерге окшоп, социалдык медиага жазып койгону жарабайт. Стенограмманы карай турган болсок, ал жерде Кайырма тууралуу сөз болгон эмес. Марипов Интерттеги билдирүүсүндө Кайырманы айтып жатат, бирок Жогорку Кеңеште суу сактагычтын башатын айткан», — деп билдирди «Азаттыкка» жарандык активист Гүлжигит Исаков.
Исаков Кайырма каналы деле Кыргызстанга караштуу деп белгиледи.
Төрткүл суу сактагычы — Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт.
1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ы Кыргызстанга, ал эми 63%ы Тажикстанга кетет. 2014-жылы сууну бөлүштүрүүдө эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, жаңжал ок атышуу менен коштолгон. Мындан улам суу сактагыч Кыргызстандын ИИМи тарабынан кайтарууга алынган.
ТЕМА БОЮНЧА:
«Ойлонуп сүйлөш керек». Өкмөт Төрткүлгө куйган каналдар Кыргызстанга таандык экенин тастыктады