Садыр Жапаров 9-февралда «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыкта өкмөт менен Улуттук банкка даректелген токтом жана сунуштар бар. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров өлкө аймагында «накталай эмес жүгүртүүнүн үлүшүн көбөйтүү жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү үчүн» накталай төлөмдөрдү жүргүзүүдө босоголук суммаларды белгилөөнү сунуштады. Тийиштүү мыйзам долбоорун Улуттук банк менен өкмөт 2021-жылдын 1-июлуна чейин иштеп чыгып, парламентке жөнөтүшү керек.
Ошондой эле, Жапаров «криптовалюталарды жүгүртүүнүн укуктук негизин түзүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн» аларды жүгүртүүнү жөнгө салууну киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну тапшырды.
Бардык мыйзам долбоорлорун «өлкөнүн финансы рыногун өнүктүрүү жана аны санариптештирүүнү тездетүү, жарандар жана ишкердик субъектилери үчүн финансылык кызматтарды алууну жеткиликтүү кылуу, андан тышкары бул секторго инвестициялар келиши үчүн жагымдуу чөйрө түзүү максатында иштеп чыгуу сунушталып жатканы белгиленет.
Кыргызстанда криптовалюта өндүрүү
Кыргызстанда криптовалютаны өндүрүүнү жөндөгөн же ага тыюу салган мыйзамдар жок. Жазык мыйзамында дагы криптовалюталарга байланыштуу операциялар же аларды *майниңг кылуу кылмыш деп жазылган эмес. Ал турай, Кыргызстандын мыйзамдарында «майниңг» же «криптовалюта» деген сөздөр да жок.
Майниңг — бул атайын жабдуулар аркылуу криптовалюталарды, мисалы биткоиндерди өндүрүү. Майниңг кылган мекемелер майниңг-ферма деп аталып, адатта компьютерлердин көптөгөн ар кандай тетиктеринен турат, ал эми процедуранын өзү көп электр энергиясын талап кылат. Кыргызстанда майниңге тыюу салынган эмес, бирок ал мыйзамдаштырылган дагы эмес — ал тууралуу бир дагы мамлекеттик мыйзамда айтылбайт.
Ошентсе да 2019-жылдын июль айынын ортосунда каржы полициясы майниңг-ферманы аныктап, аларды «мыйзамсыз» деп атаган. Күч түзүмдөрү ферманын бардык жабдууларына мөөр басып, өндүрүштүн жетекчилерине иш козгогон.
«[“Түндүк Электр”] кызматкерлери үйлөргө жулунуп кирип, жабдууларды издешет. Тим эле ал адам кылмышкер болгонсуп. Адамдардын жарандык укуктары бузулуп жатат да. Эмне үчүн майнер электр жарыгы үчүн акчаны өз убагында төлөп жатса, акчага сатып алган өзүнүн аппараттарын бекитиши керек?» — деп «Клоопко» айтып берген кыргыз майнерлердин бири.
Анда криптоволюта менен алектенген 30га жакын компаниянын электр жарыгы өчүрүлгөн. Улуттукэнергохолдинг бул кадамды Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайганына байланыштуу үнөмдөө чарасы деп түшүндүргөн.
ТЕМА БОЮНЧА: Ишкерлерге насыя, майнингди мыйзамдаштыруу, бюджетти толтуруу. Бороновдун программасы