Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөт башчылыкка жактырылган Кубатбек Боронов 17-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жасай турчу иштеринин программасын тааныштырды. Ал Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн курамы менен иштей турганын, болгону үч аткаминер жаңыланарын айтты. Ага ылайык, биринчи вице-премьер-министр болуп Алмазбек Баатырбеков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Алтынбек Исмаилов жана өкмөттүн аппарат жетекчилигине Таалайбек Темиралиев келет.
Боронов жети жыл өзгөчө кырдаалдар министри, эки жыл биринчи вице-премьер министр болуп иштеген. Ал өз баяндамасында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда сунуштаган «Ишеним жана биримдик» программасын буга чейинки өкмөт «Биримдик, ишеним, жаратмандык» программасы менен улантканын белгиледи, жана ошол программаны улантарын айтты.
«Президенттин 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга багытталган иш-аракеттер менен жакындан таанышпыз, өзүбүз дагы аларды иштеп чыгууга толук катышканбыз. Ошондуктан ушул программаларды улантууну туура деп чечтик», — деди ал.
Боронов коронавирус пандемиясынан улам өкмөттүн жыл башында койгон пландары бир кыйла өзгөртүлүп, түзөтүүлөр кирерин белгиледи. Андан сырткары ал жетектеген өкмөт 11 багыттан турган ишти аткарарын айтып, аларга кеңири токтолду.
- Коронавирус пандемиясынан улам пайда болгон экономикалык кыскартууларды токтотуп калуу. Экономиканы калыбына келтирип, жылдын аягына чейин ички дүң продукциянын түшүүсүн 5,3 пайыздан төмөндөтпөө аракети.
- Бюджетти толтуруунун кошумча каражаттарын табууну камсыз кылуу. Мамлекеттик салык кызматы, Бажы кызматы, өнөр жай комитети, Мамлекеттик мүлк фонду сыяктуу бюджетти толтуруучу органдарга бюджеттик мыйзамда кыскартылган пландарды толугу менен аткаруу жана аларга кошумча каражаттарды табуу боюнча милдеттер жүктөлөт.
- Бюджеттин тартыштыгын болжолдонгон пайыздан ашып кетпөөсүн камсыз кылуу.
- Өкмөттүн иши улуттук стратегияда каралган артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга багытталат. Өкмөт коронавирус илдетинен улам 2020-жылга бекиткен пландарын кайра карап чыгууга мажбур.
- Ишкерлерди жеңилдетилген насыя менен камсыздоо, аларга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү. Коронавирус пандемиясынан жапа чеккен жеке ишкерлерге, чакан жана орто субъектик ишкерлерге, ири бизнеске өкмөттүн антикризистик планынын негизинде мамлекеттик финансылык колдоо болот. Быйыл жыл аягына чейин 14 млрд сомдон кем эмес колдоо көрсөтүү пландалууда. 2021-жылы каржылоонун көлөмү көбөйтүлөт. Насыяларды берип баштоо июнь айынын аягына чейин ишке ашат. Насыялар туризмге, жеңил өнөр жайына, фармацевтика, жүк ташуулар, өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканаларга берилет. Насыялар 4-14 пайыз менен жеңилдетилген түрдө берилет. Анын 60 пайызы аймактагы ишкердикке жумшалат.
- Экономиканы тез арада калыбына келтирүү. Учурда өкмөт коронавирус келтирген кризистен чыгуунун комплекстүү үчүнчү пакетин иштеп чыгууда. Анын алкагында экспорттук потенциал күчөйт, атамекендик ишкерлерге колдоо болуп импортту азайтуу саясаты активдүү жүрөт. Ошондой эле, экологиялык таза продукция өндүрүүнү көбөйтүп, жаңы рыноктор өздөштүрүлөт. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жакшыртылат.
- Экономиканы фискалдаштыруу системасын өркүндөтүү. Быйыл жыл аягына чейин бир катар салык процедуралары фискалдаштырылат. Алар электрондук эсеп фактуралыры, виртуалдуу контролдук кассалык машиналар, май куюучу жайларга эсеп алуунун автоматташтырылган системасы. Бажы тармагында конкреттүү иштер жүрүп, көмүскө экономикага каршы күрөшүү, кирген-чыккан товардын так эсебин жүргүзүү боюнча иштер жүрөт. Салык саясатында башкаруу иштери жакшырат.
- Бюджетти толтуруу үчүн тийиштүү мыйзам долбоорун кабыл алуу. Бул багытта депутаттардын кароосуна бир нече мыйзам долбоору сунушталган. Алар кабыл алынса бир жылда 820 миллион сомго чейин кошумча киреше түшөт. Сунушталган мыйзам долбоорлорунун ичинен эң маанилүүсү алтын камтыган руданы сатуудан түшкөн кирешелерге салына турчу салык. Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса бир жылда бюджетке 218 млн сомго чейин кошумча киреше келет. Андан сырткары майнинг менен алектенгендерге салык салуу үчүн укуктук негиз киргизилет. Сунушту парламент колдоп берсе жылына 346-350 миллион сомго чейин кошумча пайда түшөт.
- Тышкы карыздар менен иштөө. Карыздарды төлөө боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, анын натыйжасында 53,8 млн доллар үнөмдөлөт. Сауд өнүктүрүү фонду менен Кувейт фонду Кыргызстандын карыздарын төлөөнү убактылуу токтотуп турууга макулдук берген. Андан сырткары кредиторлордун Париж клубунун мүчөлөрү — Франция, Германия, Дания, Түштүк Корея, Япония мамлекеттери дагы Кыргызстандын карызын төлөөнү убактылуу токтотуп турууга макул болгон. Учурда Кытай менен карыздын айрым бөлүктөрү боюнча бардык деңгээлде [президенттин, өкмөттүн] сүйлөшүү жүрүп жатат.
- Аймактарды өнүктүрүү улантылат. Билим берүү объектилерин каржылоону жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке өткөрүп берүү башталат. Мындай аракеттер жергиликтүү бюджетти бир кыйла жеңилдетип, айыл өкмөттөрдүн дотациядан чыгуусуна жардам берет. Жер салыгынын базалык ставкалары жер кыртышын баалоонун жыйынтыгы менен кайра каралып чыгат. Кийинки жылдары чек ара аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
- Санариптештирүү иштери уланат. «Коопсуз шаар», электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү, бүт өлкөнү интернет менен камсыздоо иштери үзгүлтүккө учурабайт.
Боронов өз баяндамасында Кыргызстанды чийки зат менен дээрлик толук камсыздап турган кыргыз-кытай чек арасындагы жүк ташуу кыймалы калыбына келет деп ишендирди. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп, бир топ жетишкендиктер бар. Жакынкы күндөрү Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы эки өткөрүү пунктары — Эркечтам менен Торугарт толук иштей баштайт. Казакстан менен болгон бардык 6 өткөрмө бекет дагы жакын арада иштей баштайт.
Ал ошондой эле, күздө боло турчу парламенттик шайлоо өкмөт үчүн абдан маанилүү экенине токтолуп, аны ачык-айкын өткөрүү биринчи милдет экенин кошумчалады. Андан сырткары, туризмди өнүктүрүү, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү кечиктирилгис маселелердин катарын толуктайт деп депутаттарды ишендирди.
Эске салсак, Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда отставкага кетүү тууралуу арыз жазган. Ал мындай кадамга радиожыштыктар боюнча коюлуп жаткан айыптар менен жалаалардан улам баргынан айткан. Бирок бул ишке өзүнүн тиешеси жоктугун айтып келет.
Радиожыштыктардын сатылышы боюнча чуу
Депутат Жанар Акаев премьер-министр Абылгазиевдин радио жыштыктарынын «арзыбаган баага» сытылышына тиешеси бар болушу мүмкүн деп билдирген. Ал Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылганын, ал эми учурдагы өкмөт башчысынын тушунда 200 МГц жыштык 700 сомго сатылууда деп айткан.
Абылгазиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, депутат Жанар Акаев «жалган маалымат» таратууда деп билдирген. Депутат Рыскелди Момбеков эки жыл мурун болгон иш боюнча башка аткаминерди — президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Нурбек Мамбетакуновду күнөөлөйт. Момбековдун айтымында, бул иштин айынан бюджетке 1,5 млрд сом түшпөй калган.
Абылгазиев менен Мамбетакуновду КТ «Мобайл» компаниясы байланыштырат. Момбековдун айтымында, Мамбетакунов компания жетектеген (жетекчилигинде Нурбек Мукамбетов көрсөтүлгөн), ал эми Абылгазиев — компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев менен туугандык байланышта болгону үчүн аз жерден кызматынан ажырап кала жаздаган.
Ошондой эле, Биринчи Май райондук соту 15-июнда «Ала-ТВ» компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалганын маалымдады. Ал «Коррупция» беренеси менен шектелип, Биринчи Май райсотунун чечими менен 12-июлга чейин камакка алынды. Халдаров да радиожыштыктарды мыйзамсыз сатууга катыштыгы бар деп шектелүүдө.