ТИМ Садыр Жапаров Орусиянын президенти менен эмне тууралуу сүйлөшөрүн айтты

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 8-февралда министр Руслан Казакбаев менен Орусиянын элчиси Николай Удовиченко президент Садыр Жапаровдун алдыда Орусияга боло турган иш сапарын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөнүн маалымдады.

Казакбаевдин айтымында, Жапаров орусиялык кесиптеши Владимир Путин жана башка тышкы саясий байланыштардын алкагында «экономика, айыл-чарба, өз ара соодага, энергетика, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай кооперация тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ылайыктуу шарттарды жаратуу маселелерин» талкулоо ниетин билдирген.

Казакбаев кыргыз тарабы өлкө башчысынын Орусияга боло турган иш сапарына «чоң маани берерин» дагы кошумчалады.

Удовиченко кыргыз-орус мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча диалог курууга Орусия даярдыгын билдирип, «Москвага кыргыз тарабы менен белгиленген бардык маселелер боюнча маалымдаарын» айтты.

Жапаровдун Орусияга алгачкы иш сапары

Январдын аягында Садыр Жапаров инаугурациядан кийин алгачкы иш сапары менен Орусияга бара турганы белгилүү болгон. Бул тууралуу маалымат вице-премьер Равшан Сабировдун атынан бир катар ЖМКларга жарыяланган. Ал Жапаров Орусияга иш сапары менен гана барбастан газ маселесин дагы талкуулайт деп билдирген.

Кийинчерек бул маалыматты Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек дагы бышыктаган. Ал жаңы шайланган президент Орусиядагы жолугушууларда так эмнени талкуулай турганын айткан эмес.

Анткен менен мурдараак Жапаров алгачкы сапарын башка өлкөдөн баштоого макулдук берген. Анда Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, аны президент катары расмий иш сапары менен Казакстанга келип кетүүгө чакыркан.

Казакстандын президентинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жапаров алгачкы сапарын Казакстандан баштоону убаладаган. Кыргызстандын президентинин аппараты жана Галина Байтерек бул билдирүүнү төгүндөгөн эмес.