Усубалиевдин фонду: Садыр Жапаровго белекке берилген унаа Усубалиевге таандык эмес

Нарын облусундагы Кочкор районунун тургуну президент Садыр Жапаровго тартуулаган унаа Турдакун Усубалиевге таандык болгон эмес. Бул тууралуу Усубалиевдин коомдук фонду билдирүү таратты.

Фонд өзүнүн билдирүүсүнө Мамлекеттик каттоо кызматынын тактамасын да тиркеди — анда Кыргызстандын аймагында Усубалиевдин атына унаалар катталбаганы көрсөтүлгөн.

«Белгилей кетчү нерсе, совет доорунда жогорку кызматтагы адамдарга берилген белектер талапка ылайык катталган. 1970-жылдары мындай белектер Кыргыз ССР коммунистик партиясынын көзөмөл органдары тарабынан дыккат менен каралган — ал Турдакун Усубалиев КССРдин компартиясынын биринчи катчысы болуп турган мезгилдеги мүлктөрү тууралуу расмий документтеринде көрсөтүлмөк», — деп берилет фонддун расмий билдирүсүндө.

Буга чейин Жапаров Инстаграм баракчасында Кочкор районунун тургуну Усубалиевге таандык болгон «00-01 ФИА» номерлүү автоунааны белек кылганын жазып чыккан. Президенттин айтымында, «темир тулпар бир нече жыл тебилип», Кочкордо сакталып турган.

Жапаров бул унаа Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлө турганын кошумчалаган.