«Этият сүйлөгүлө». Тажикстан Мариповдун Төрткүл боюнча айткандарына үн катты

Тажикстандын ТИМи кыргыз саясатчыларына кайрылып, тастыкталбаган маалыматарды жайылтпаш үчүн тажик-кыргыз чек аралары тууралуу билдирүү жасаганда «этият болууга» чакырды.

Кеп эки мамлекеттин чек арага чектеш жеринде жайгашкан Төрткүл суу сактагычы тууралуу болууда. Маселен, жакында эле премьер-министр болуп дайындалган Улукбек Марипов Төрткүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткен деп билдирген.

Марипов эмне деди эле?

Жаңы дайындалган премьер-министр 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Төркүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткен деп билдирген.

Бирок кийинчерек өкмөт Марипов өз сөзүндө «1991-жылы 16-майда кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү маселесин айткысы келген» деп түшүндүргөн.

«Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргыз Республикасына тийиштүү. Республиканын аймактык биримдигин сактоо жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги мамлекетибиздин негизги принциптери болуп саналат», — деп билдиришкен өкмөттүн басма сөз кызматынан.

Марипов өзү 7-февралда Төрткүл суу сактагычына байланыштуу видео кайрылуу жасап, айрым бир күчтөр такталбаган маалымат таратып жатат деп болжогон. Ал кайрылуусунда «головной» суу сактагычтан 500-600 метр жогору турган Кайырма каналы тууралуу айткысы келгенин билдирген.

Мариповдун айтымында Кайырма каналы дагы коңшу мамлекет Тажикстанга таандык — ал бул «маселени дагы Кыргызстандын пайдасына чечүүнү» көздөйт.

Бул билдирүүдөн кийин Баткендин жашоочулары Бишкекке келип, нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Өкмөт үйүнүн алдына чогулгандар премьер-министр Улукбек Марипов Төрткүл суу сактагычыга келип куйган каналданы бир бөлүгү Тажикстан тарапка өтүп кетти деген сөзүн чечмелеп, болбосо кечирим сурасын деген талап коюшкан. Алар мындай байкоосуз айтылган кептин арты улуттар аралык кагылышууга алып келиши мүмкүн деп кооптонушкан.

Тажикстандын ТИМи эмне деп жатат?

Тажик тарап «Кыргыз Кыргыз Республикасынын айрым саясий ишмерлеринин Төрткүл суу сактагычынын башы Тажикстан Республикасына өтүп кеткен делген билдирүүсүнө» көңүл бурду.

Республиканын ТИМи Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек араларды демаркация жана делимитациялоо азырынча бүтө электигин эскертет.

«Жогорку Кеңештин депутаты [Тазабек Икрамов] айтып өткөн суунун башаты өтө турган аймак эл аралык укук нормалары боюнча делимитация боло элек. Бүгүнкү күндө кайсы бир талаш жерди өткөрүп берүү тууралуу сөз болгон жок», — деп белгилешти дипломаттар.

Буга байланыштуу ТИМ Кыргызстандын саясий ишмерлерин тажик-кыргыз чек арасы тууралуу айтканда жана билдирүүлөрүндө «өтө этият болууга чакырат».

Анткени «такталбаган маалыматтарды таратуу боордош эки мамлекеттин чек арага чектеш аймактарында абалдын туруксуз болуп кетишине өбөлгө болушу мүмкүн».

Эмне болгон суу сактагыч?

Төрткүл суу сактагычы — Баткен облусунун аймагында 1972-жылы Исфара дайрасында курулган. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт.

Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км.