Башкы прокурор: Сегизбаевге карата алты кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат

Башкы прокурор Курманкул Зулушев фейсбук барагында УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди.

Ал кайсыл кылмыш иштери экенине токтолгон эмес, болгону иштердин бирөөсүнө байланыштуу мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева суракка алынганын кошумчалады.

«Ушул иштердин баарына тергөө баа берет. Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып, тергеп жаткан жерибиз жок», — деп ишендирди ал.

Сегизбаевдин адвокаты эмне деди?

УКМКнын экс-башчысынын адвокаты тергөө мыйзам бузуулар менен өтүп жатат деп эсептейт. Анын адвокаты Кантемир Турдалиевдин айтымында, Сегизбаевге алты эмес, бир гана кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилген.

«Бүгүнкү күндө Сегизбаевге карата бир гана «Белизгейт» ишине байланышкан кылмыш боюнча, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренесине шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү келген», — деп билдирди Турдалиев 11-февралда өткөн маалымат жыйынында.

«Белизгейт» тууралуу айта турган болсок, документтерди Сегизбаевге мурдагы президент Алмазбек Атамбаев берген жана коргоп жаткан адамы «ал маалыматтарды өзү иликтегиси келген». Бирок, адвокаттын айтымында, «УКМКнын башчысы жана генерал катары ал түздөн-түз жетекчисининин жана жогорку аскер кол башчысынын буйругун аткарбай коё алмак эмес» жана ошол себептүү «кызматтык кызыкчылыгына каршы эч нерсе кылган эмес».

Адвокат Абдил Сегизбаевди эл өкүлдөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы дискредитациялоо менен аларды атайылап кылмыш жасаган деп айыптап, жаманатты кылган деп айыптоону негизсиз деп эсептейт, себеп дегенде саясатчылардын ар-намыс жана кадыр барктарын коргоо тууралуу Сегизбаевге карата жазган арыздары боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими бар.

«Биринчи май райондук соту алардын арызы боюнча баш тартуу чечимин чыгарган. Бул соттун чечими, ал күчүнө кирген, анын үстүнөн эч ким даттанган эмес. Соттун күчүнө кирген чечими физикалык, юридикалык жактар жана маморгандар тарабынан аткарылышы керек — бул Конституцияда жазылган», — деп эсептейт ал.

Турдалиев басма сөз жыйында камакка алуу башка жеңилирээк баш коргоо чарасын колдонуу мүмкүн болгон гана колдонуларын эскертти. Ал эч жакка кетпөө тууралуу колкат же үй камагы сыяктуу башка баш коргоо чарасы колдонулбаганына таң калды.

Ошондой эле ал тергөө тарабынан басым болгонун билдирди. Анын айтымында, адвокатка зарыл болгон документтер кечиктирилип берилген, айрым документтер эки күнгө кечиктирилген — бул Жазык-процесстик кодекске каршы келет.

«Мен келген учурда, тергөөчүлөр суракка алуунун протоколун бериши керек болчу — бул жазык-процесстик кодексинде каралган [адвокат ишке киришкенден тартып]. Алар Сегизбаевди бир күн кечке суракка алышкан. 25де [январда] эртең менен алып кетишкен, болжол менен 17:00дө мен келдим. Анткени өзү “күбө катары чакырып жаткан соң мен өзүм эле барайын” деп койгон жана аны күбө катары сурашкан», — деп белгилейт Турдалиев.

Ал натыйжада кармалгандыгы тууралуу токтомду жана адвокаттарга токтоосуз бериле турган протоколдорду эки күн өткөндөн кийин гана колуна алганын кошумчалады.

«Мен баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу сот жыйынына интернеттеги матераилдардан даярдандым», — деп ачууланды ал.

Сегизбаевдин камакка алынышы

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев 25-январда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча, Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде кармалган.

Алар Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашкан деп билдиришкен. Анын ичинде «Белизгейт» иши боюнча кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп маалымдашкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасын караган. Соттун чечимине ылайык Сегизбаев сотко чейинки өндүрүш аяктаганча 25-мартка чейин УКМКнын ТИЗОсунда кармалат.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Сегизбаев УКМКнын жетектеп турганда «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевди «Кыргыз Республикасынын элинин алдында дискредитациялоо менен аларды кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап айыптап, жаманатты кылган деп шектелип жатат.

Башкы прокуратура тергөө учурунда УКМК жана Аскер прокуратурасы Сегизбаевдин бул кылмыштарга катыштыгынын далилдерин алганын билдирген.

Абдил Сегизбаев мурдараак «президенттик шайлоого катышкандан кийин» ага карата кылмыш иши козголорун билгенин айткан. Ал кармалуудан коркпосун жана жарандык позициясын жашырбасын билдирген.

Сегизбаевдин шайлоого катышкандан кийин бийликтен мындай аракеттерди күтккөнү тууралуу билдирүүсү анын кезексиз президенттик шайлоодо жеңген Садыр Жапаров менен тирешүүсүнө байланыштуу.

Сегизбаев 30-декабрда өткөн дебат учурунда Садыр Жапаров качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, ага бир катар курч суроолорду узаткан.

Сегизбаевдин өкүлү Айжан Мусаева 2021-жылдын 5-январында Жапаровдун салыктары боюнча маалымат берүүнү суранып Салык кызматына кайрылуу жолдогон.

Бул маалыматты суроого талапкердин шайлоо фондуна түшкөн 15 млн сом «жеке каражаты» себеп болгон. Бирок бул 15 млн сомдун салыгы төгүлгөн-төгүлбөгөнү боюнча маалымат азырынча ачыктала элек.

«Белизгейт»

2016-жылы күзүндө Алмазбек Атамбаев өлкөнүн конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Бул чечимди «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов сынга алышкан.

Алардын президенттин дарегине айтылган сындарынан кийин ошол учурда УКМКнын башчысы болуп турган УКМКнын төрагасы Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов «Мегаком» байланыш операторунун акцияларына ээлик кылышкан деп билдирген.

Сегизбаев далил катары Белиз өлкөсүнөн алынган делген документтерди көрсөткөн.

Депутаттар документтерди «өтө орой жасалмалоо» деп аташып, Сегизбаевди сотко да беришкен, бирок утулуп калышкан. Сегизбаевдин ордуна УКМКнын башчылыгына Идрис Кадыркулов келгенден кийин Белиздеги документтер атайын кызматка келбегени белгилүү болгон.