Абдил Сегизбаев дебатта Жапаровдун Бакиевдер менен байланышы тууралуу үн катты

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев 30-декабрда өткөн дебат учурунда Садыр Жапаров качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин билдирди.

«Сен [Садыр Жапаров] Максим Бакиев, Жаныш Бакиев менен эч кандай мамилем жок деп жүрөсүң, мына сүрөттөр. Бул жерде Жаныш Бакиев тоюна эң жакын 100 адамын чакырган, ошонун ичинде сен жүрөсүң. Сен кылмышкерсиңби, же мен кылмышкерминби?» — деп, Садыр Жапаров менен анын үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевдин иш-чарада бир дасторкондо отурган сүрөтүн көрсөттү.

Абдил Сегизбаев КТРКда өткөн дебат учурунда. 2020-жыл, 30-декабрь

Андан соң Сегизбаев Садыр Жапаровго бир катар суроолорду узатты:

Биринчи суроо: 2001-жылы «Ысык-Көл Инвест» банкынан 400 миң доллар алдың беле, ошону кайра төктүңбү?

Экинчи суроо: Ушул банкты бир тууганыңды алып барып басып алдың беле? Ошол банк аркылуу 5 млрд долларды Максим Бакиевге «жууп» бердиң беле?

Үчүнчү суроо: Жыргалаң шахтаны итбекер алып, талкалап, Кытайга сатып, өткөзүп бердиң беле?

Төртүнчү суроом: Киев 74. [Бул имаратты] мародерлордун колунан 500 миң долларга сатып алдың беле? (Сегизбаев УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын, айтылган даректе жайгашкан имаратын айтып жатышы мүмкүн. Ал имарат УКМК отурукташканга чейин Курманбек Бакиевге таандык болчу — ред.)

Бешинчи суроо: 2009-жылы «Жетим-Тоону» Максим Бакиев менен бирге Кытайга өткөрүп бердиң беле? Эмне үчүн ал жөнүндө унчуккан жоксуң.

Алтынчы суроо: 2009-жылы 30-апрелде «Кумтөрдү» сатканга демөөрчү, колдоочу болуп жүрдүң беле?

«2005-2010-жылдары 60 өлтүрүү болуп жатканда эмне үчүн Курманбек Бакиевдин жанында жүрүп, тымпыйып унчукпай отурдуң? Максим Бакиев Кыргызстандан 3 млрд долларды алып чыгып кеткенде Кыргызстандын Коррупция боюнча башкы комиссары болуп туруп эмне үчүн эч нерсе деген эмессиң?» — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле, Сегизбаев Жапаровдун шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарына карата күмөн ойлорун ортого салды. Ал Жапаровго акчаны Бакиевдер бериши мүмкүн деп божомолдоду.

«Эгерде эркек болсоң, бетме-бет сүйлөшөлү. Качпаңыз. Болгон чындыкты бири-бирибизге айталы. Эгер мен күнөөлүү болсом, мени кылмышкер дегиле, эгер сиз күнөөлүү болсоңуз, мойнуңузга алып, кыргыз элинин астында чөгөлөп туруп кечирим сурагыла. Силердин режимиңердин курмандыгы Ата-Бейитте жатат. Ошол режимди кайтарууга мен жол бербейм. Биз, кыргыз эли баарын көргөнбүз, түшүнгөнбүз. Мындайга жол жок. Аракетиңерди токтоткула. Рахмат», — деди Сегизбаев.

Теледебаттар аяктагандан кийин КТРКнын YouTube-каналындагы видео дароо жеткиликтүү болбой калган.

Сегизбаев Жапаровго каршы

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы тууралуу биринчи жолу айткан жок.

«Саясий коктейль» көрсөтүүсүнүн эфиринде Жапаров «кимдин көрсөтмөсү менен» 2017-жылы Кыргызстанга кайтып келгендигин билем деп айткан болчу.

Бирок Сегизбаев ал адамдын атын шайлоо алдындагы үгүт башталганда айтарын билдирген. Ал эми журналист Елена Нечаевага 14-декабрда курган маегинде, тапшырма Минсктен келгенине ишенерин айтып, Жапаровдун качкын президент Курманбек Бакиев менен байланышы бар экенин кыйыткан.

Жапаров буга жооп кылып, Таласта шайлоочулар менен жолугушуу учурунда Сегизбаевде ага карата компроматы жок экенин айткан.

«Эми азыр компроматтар баягы эле тигил айтты, бул айтты деген эле ушак сөздөр болушу керек. Компроматы болсо алып чыксын, чогуу көрөлү», — деген Жапаров.

Садыр Жапаров 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктан улам келип чыккан башаламандыктардын шартында бийликке келген. Ошондой эле, Жапаров тарапташтарынын колдоосу менен алгач премьер-министр, андан соң президенттин милдетин аткаруучу болгон.

Мындан тышкары, Жапаров бир катар депутаттардын колдоосу менен башкаруу формасын тандоо боюнча референдум демилгелеген. Референдум 2021-жылдын 10-январына, президенттик шайлоо менен бир күнгө белгиленген.