Ошто эки окуучу бычакталып, бирөө каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарындагы Нариман мектебинин эки окуучусу 11-февралда бычакталып, ооруканага жеткирилди. Алардын бирөө ооруканада каза тапты, дагы бир окуучуга операция жасалууда, абалы оор.

Ош шаардык ички иштер башкармылыгы жабырлангандар 10-класстын окуучулары экенин билдирди. Кылмыш мектептин жанындагы «Ареопаг» дүкөнүнүн артында болгон.

Ош шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иш алып барганын кабарлады.

«Саат экилер чамасында окуя болгон жерге милициянын [ыкчам тергөө] тобу кеткен. Азыр бирөөсү каза болгону айтылып жатат, бирөөсү жарадар. Учурда жерине барган топ иликтеп, андан кийин бизге кененирээк маалымат берет», — деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Тавакалов.

Ал ошондой эле, учурда маркум окуучунун сөөгү союлганын, анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат бериле турганын маалымдады. Милиция кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.

Кылмышка күбө болгон жабырлануучулардын классташтары «Турмуш» басылмасына окуянын чоо-жайын айтып беришти. Күбөлөрдүн айтымында, алар келе жатканда үч бейтааныш бала чыгып, «эмнеге күлүп жатасыңар?» деп эки баланы «сүйлөшүүгө» чакырган.

Андан соң бейтааныш балдар бир окуучуга эки жолу, экинчисине бир жолу бычак сайып качып кетишкен. Жарадар болгон балдарды жана эки күбө кызды милиция кызматкери унаасы менен ооруканага алып кеткен.