«2 млн сом зыян келген». «Кадастр» ишканасынын Сокулуктагы директору кармалды

Иллюстративдик сүрөт

УКМК «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулуктагы филиалынын директорун жана жетектөөчү адисин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Аталган ишкананын директору менен жетектөөчү адиси жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузушкан. Жабык акционердик коомдун директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашканы аныкталды. Натыйжада мамлекетке 2,2 миллион сомдон ашык зыян келтирилген», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Ошондой эле, атайын кызмат шектүүлөр буга чейин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалганын белгиледи.

УКМК шектүүнү «Т.А.К.» инициалдары менен берген. Буга «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын директору Тентимишев Алайбек Качкынбаевич туура келет.

Буга чейин өткөн жылдын 12-декабрында «Кадастр» мамлекеттик башмармалыгынын жетекчиси Абдумуктар Маматов акча чогултууну майзамсыз уюштурууга шектелип кармалган.

Атайын кызмат сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башкармалыктын аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан мыйзамсыз акча алынып турганы боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктаган.