УКМК «Кадастрдын» директорун мыйзамсыз акча чогултуу иши боюнча кармады

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан «Кадастр» мамлекеттик башмармалыгынын жетекчиси Абдумуктар Маматов кармалды. Ал акча чогултууну майзамсыз уюштурууга шектелип атат.

Атайын кызмат сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башкармалыктын аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан мыйзамсыз акча алынып турганы боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныктаган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө бул иштерге Жер жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Кадастрдын» директорунун тиешеси бардыгы такталган.

Маматов 2-декабрда УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген.