Сүрөт: Азаттык

11-февралда Бишкекте кыргыз бажысынын төрагасынын экс-орун басары жана өлкө тарыхындагы эң эле чуулгандуу коррупциялык иштин фигуранты Райымбек Матраимовдун иши боюнча көптөн күткөн сот отуруму болду.

Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурум кыска болду, айрыкча мындай масштабдуу иш үчүн — Матраимов бир саатка жетпеген убакта бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча күнөөсүн моюндап, сот аны күнөөлүү деп таап 260 миң сом айыпка жыкты (3 миң АКШ доллары).

Айып Кыргызстандан бажы тармагындагы коррупциялык схемалар аркылуу мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги далилденген 700 миллион АКШ долларынын 0,0043%ын түздү.

Айып төлөөдөн тышкары, Матраимов буга чейин мамлекетке келтирген чыгымдын ордун толтурган — 2 млрд сом ( 24 млн АКШ доллары) — бул коррупциялык схема аркылуу чыгарылган сумманын дээрлик 3,5%ын түзөт.


«Миллиарддап уурдасаң тыйын төлөп кутуласың. (...) Бул мамлекеттик машина Матраимовдор кланын бүтүндөй калкалап келатканынын ашкере далили», — деп эсептейт бажыдагы коррупция жана аткезчилик боюнча журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири Али Токтакунов.


Арт: Светлана Тюрина

Матраимовго каршы иш кандай башталган жана ал ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган.

Хабибула Абдукадыр Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде.

Жалпысынан Абдукадыр кланы Кыргызстандан бери дегенде 700 миллион АКШ долларын чыгарып кеткен — бирок бул журналисттер далилдөөгө мүмкүн болгон гана каражат.

2017-жылдын аягында кызматтан кеткенден кийин деле Матраимов бажы бизнесинде кала берген — бул жолу Кыргызстандагы үч маанилүү делген бажы терминалын көзөмөлгө алган. Ага ылайык, бажыдагы жүктүн баары Матраимовго таандык өткөрмө пункттары аркылуу өтүп турган. Бул үчүн өзүнүн байланыштарын колдонгон.

Матраимов менен Абдукадырдын схемасы «Азаттык» үналгысы, «Клооп», Bellingcat жана OCCRPнин биргелешкен иликтөөлөрүнүн арты менен элге белгилүү болгон.

Иликтөөлөр сериясынын алгачкы материалдарынан кийин 2019-жылдын аягында Бишкекте коррупцияга каршы нааразылык акциялары өтүп турган. Бирок Сооронбай Жээнбековдун бийлиги өкүм сүрүп турганда укук коргоо органдары журналисттик иликтөөлөрдө айтылган фактыларга көз жумуп келишкен.

Өз кезегинде Матраимов өзү жана үй-бүлөсү журналисттерди сотко берип, аларды жалган-жалаа жабууга айыпташкан — бул дагы деле сотто каралып жатат.

Мындын тышкары, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Мекеним Кыргызстан» партиясын канатына алып, ал 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоого катышкан. Бул партия экинчи орунга чыкканы менен парламентке өткөн жок, себеби элдин толкундоосунун шартында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Добуш сатып алууларга (анын ичинде Матраимовдун партиясы тарабынан) каршы көптөгөн арыз жана даттануулар толкундоо жана саясий кризиске алып келген.

Матраимовду кармоо

Октябрдын аягында Матраимов кармалган — бул кезде парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен болчу. Бирок ал бир суткага жетпеген убакка гана кармалган, андан соң үй камагына чыгарылган.

Матраимов жана анын жакындары коррупциялык схемалар аркылуу жыйнаган байлыгынын так суммасы алигиче белгисиз. Бирок бул үй-бүлөнүн күтүүсүз жерден (албетте, мыйзамсыз) байманасы ашып-ташып кеткени айдан ачык — мисалы, журналисттер Матраимовго тиешелүү баасы асман чапчыган кыймылсыз мүлктөрдү Кыргызстандын ичинде, чет жактардан дагы аныкташкан.