КТРКнын тутумуна кирген «Ала-Тоо 24» каналы Матраимовго карата чыккан соттун өкүмүнө нааразы болгондордун артында «кандайдыр бир күчтөр турат» деген өңүттө бир канча материал жарыялады.
Анда 14-февралда коррупцияга каршы өткөн тынчтык жөө жүрүшү тууралуу жана анын катышуучулары талкууга алынган. Иш-чара «Адилеттүүлүк үчүн» деп аталып, анда коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган Райымбек Матраимовду камакка алуу талабы коюлган болчу.
Обого чыккан сюжетте марштын максаты башка өңүттөн чагылдырылган. Өзүн тааныштырбаган Бишкек шаарынын тургуну Ала-Тоо аянтына сейилдөө үчүн келгенин айткан.
«Азыр Кыргызстанга тынчтык керек. Биз митинг өткөрө турчу абалда эмеспиз. Азыр эл кыйын акыбалда. Мен Матраимовдордон жаман эч нерсе уккан жокмун, түшүнбөйм. Кишилер дагы эмнеге келгенин билишпейт», — деди ал.
Анын айтымында, аянтка негизинен Сүйүү күнүн майрамдаган түгөйлөр чогулган. Ал «Алини колдоп чыккандарды» түшүнбөй турганын кошумчалаган.
Ал бажыдагы коррупция жана аткезчилик боюнча иликтөөнүн авторлорунун бири, журналист Али Токтакунов тууралуу айткан болушу мүмкүн. Дал ошол журналисттик иликтөөнүн арты менен экс-бажычы Райымбек Матраимовдун бажыда ишке ашырган коррупциялык схемалары ачыкка чыккан.
Сюжетте дагы эки киши президент Садыр Жапаровго Кыргызстандын көйгөйлөрүн чечүү үчүн 1-2 жыл «убакыт берүү керектигин» белгилешкен. Ал эми төртүнчү киши Ала-Тоо аянтындагы желекти кайтарган агасын көрүү үчүн келгенин билдирген.
Коомчулукта аталган сюжет сынга алынгандан кийин «Ала-Тоо 24» каналынын YouTube барагынан материал өчүрүлгөн.
Телеканалдагы бир сааттан ашык талкуу
«Ала-Тоо 24» каналы муну менен гана чектелбестен жалпы убактысы бир сааттан ашкан эки бөлүктөн турган «Маек» программасын көрсөттү. Биринчи бөлүгүндө «Өлкөдөгү саясий кырдаал — тынч жашоону бузууну каалагандар кимдер?» деген тема боюнча ырчы жана айыл-чарба боюнча окумуштуу Жамин Акималиев менен болгон интервью эфирден берилди. Анда Акималиев дем алыш сайын митингге чыгып жаткан жарандык коом элдин «кабыргасын кайыштырарын» билдирген.
«Мен терең ишенем муну айрым күчтөр атайын жасап жатышат. Аз-аздан элди көндүрүп, бийликтин көңүлүн буруп кийин жүрүп отуруп чабуулга өтөбүз деген аракет. Бул чынында “өлкө өсүп кетсин”, “ишибиз илгери жүрүп кетсин” деген ойлор эмес. Бул чагымчыл ойлор болуп турат. Бир эки фактыны көтөрүп алып ошонун артынан түшүп, ызы-чуу кылып жатканы акылга сыйбаган иш», — деген Акималиев.
*Конституция боюнча жарандар тынчтык чогулуштарына, акцияларына, митингдерге чогулуп, өзүнүн позициясын билдиргенге укуктуу.
Акималиев жарандык активисттерди «бийликтин саясатына каршы чыгып жатышат» деп айыптаган. Андан сырткары темир жол бекети стратегиялык объекти экенин айтып, анын тегерегинде чогулууга болбой турганын да айтты. Ал эми «Ала-Тоо» аянты Москванын кызыл аянтындагыдай мааниге ээ экенин белгилеген.
«Мекеним Кыргызстандын» агитатору эксперт катары конок болгон
«Ала-Тоо 24» телеканалы ошондой эле «Маек» рубрикасынын экинчи бөлүгүндө экс-депутат Надира Нарматова менен жазуучу, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпонбек Абыкеевдин интервьюсун көрсөттү. Анда «Коомдун тынчтыгы жана бүтүндүгүнүн маанилүү факторлору» талкууланган.
Нарматова Кыргызстанда дароо эле дем алыш сайын митингге чыккандардын артында «өлкөнү акыркы он жылдан бери башкарган топ турарын» билдирген.
«Болгону 6-7 киши акыркы он жылдан бери элге тынчтык бербей келет. Бийликти он жыл ошолорго бердик, он жылда бизди ушул акыбалга алып келген ошолор да. Тообо кылышса, жаш-курактары деле биртопко барып калды […] Арасында БААУнун, башка улуттук азчылыктар, шаардагы жаш балдар, батыштан каржыланган бей өкөмөт уюмдар жайылып жүрөт», — деди ал.
*Надира Нарматова жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Райымбек Матраимовго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын агитатору болгон. Шайлоодон кийин Нарматованын телефон сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу тараган. Анда Нарматова жетиштүү добуш алынбагандыктан трансформаторду кайра алып кетерин айткан.
Чолпонбек Абыкеев болсо өлкөдө реформа башталганын, аны «тозоктун отун кечкендей» катаал болорун белгиледи.
*Конституциялык реформа өткөрүү боюнча баш мыйзамдын долбоору экинчи ирет сунушталууда. Эки варианты да коомчулук жана юристтер тарабынан сынга кабылган. Анда айрым жагдайлар конкреттүү бир нерселерге таянбастан, адеп-ахлак, салт-санаа сыяктуу жалпы түшүнүктөрго негизделгени айтылган. Бул өз кезегинде демократиянын негизин түзгөн адам укуктары жана сөз эркиндигине чектөө болот деген коркунуч бар.
Абыкеев өз сөзүндө дем алыш сайын митингге чыгып жаткандар эмне үчүн Атамбаевдин жана Жээнбековдун учурунда коррупция гүлдөп турганда нааразылык билдирип эмнеге чыккан жок деп суроо салган.
«Кыргыз коому биз Африканын банан өлкөлөрүнөн эмеспиз, саясатты түшүнүп калдык. Саясатты үйрөткүсү келген АКШдан аз эле жылдын ичинде өйдө чыгып кеттик. Булардын коомго тынчтык бербей коомдо психоз абалды жаратыш үчүн ар түрдүү иштерди жасап жатканын коомго түшүндүрүшүбүз керек», — деди ал.
*Бажыдагы коррупциялык схемалар жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардын чуусу боюнча журналисттик иликтөөлөр дал ошол Сооронбай Жээнбеков бийликте турган кезде жарыяланган. Иликтөөнүн автору Али Токтакунов. Ал эми Атамбаевдин тушунда маркум журналист Улан Эгизбаев «Бажыдагы миллиондор» аталыштагы иликтөө чыгарган. Анда бажыдагы аткезчилик тууралуу жана Матраимовдордун мүлкү жөнүндө сөз кылынган.
Жогорудагы эки талкууга катышкандардын бардыгы тең митингге чыккандардын артында башка күчтөр бар экенин айтышкан. Бирок кимдер тууралуу сөз болуп жатканы так айтылган жок. Андан сырткары талкууда Матраимов тууралуу сөз болгон эмес.
Матраимовго чыккан өкүм жана нааразылык акциясы
2021-жылы 11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупция боюнча күнөөлүү деп тапты — мурунку чиновник 260 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөп, мамлекетке келтирилген 2 млрд сом зыяндын кайтарып берди. Ошондой эле, сот анын мүлкүн жана банк эсептерин камактан чыгарды.
Салынган 260 миң сом айып Кыргызстандан бажыдагы коррупциялык схемалар аркылуу чыгарылган 700 млн доллардын 0,00043%ын гана түзөт. Ал эми мамлекетке келтирилген зыян үчүн төлөнгөн 2 млрд сом бул сумманын дээрлик 3,5%ына барабар.
Матраимовго чыккан соттун өкүмү коомчулуктун нааразылыгын жараткан, ошондуктан 14-февралда Бишкекте ар жекшембиде уюштурулган жөө жүрүш коррупцияга каршы күрөшкө дагы арналган.
Жөө жүрүштөн кийин УКМК чет өлкөдө Райымбек Матраимовдун мүлктөрү изделип жатканын кабарлаган. Ошондой эле анын жыйынтыгы менен Матраимовго карата кылмыш иши улантылышы мүмкүн дешкен.