Райымбек Матраимов коррупционер экенин моюндады. Сот ага 260 миң сом айып салды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бажы кызматындагы коррупцияга байланыштуу ишин карады.

Матраимов өз көрсөтмөсүндө ага коюлуп жаткан күнөөнү моюндарын билдирди. Ага «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылган.

Айыпталуучу тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан териштирүү жүргүзүлбөстөн дароо жарыш сөзгө кезек берилди.

Прокурор Матраимов мамлекетке келтирген зыянды толугу менен кайтарганын жана ага 260 миң сом өлчөмүндө айып салууну өтүндү.

«Райымбек Матраимов Түштүк-Батыш жана Түндүк-Чыгыш бажысынын башчылары Нурлан Раджабалиев менен Абдыбахаб Боронбаевге каршы көрсөтмө бергендигине байланыштуу, аларга “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш жасаган деп шектелгендиги жөнүндө маалымдар болушкан. Аларга айып тагылып, иш сотко жөнөтүлдү. Кызматташуу келишиминин бардык шарттары аткарылды. Матраимов кылмыш ишин иликтөөгө жигердүү жардам берди», — деди прокурор.

Биринчи май райондук соту прокуратура өкүлүнүн өтүнүчүн канааттандырды.

Мындан тышкары, соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүн жоготору айтылды. Ошону менен катар Матраимовдун мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылмай болду.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин УКМК Матраимовду өткөн жылдын 20-октябрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Ал эми 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Ал эми АКШ Матраимов жана анын жубайы Аманда Тургунованы «Магнитский тизмесине» киргизген. АКШнын мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги муну Матраимовдун коррупциялык схемаларга аралашканы жана

Кыргызстандан кеминде 700 млн АКШ долларын алып чыгып кетүү схемасына түздөн-түз катышканы менен түшүндүргөн. Көп өтпөй Тургунова фамилиясын Сулаймановага өзгөрткөн.

*Магнисткий тизмеси — кылмышкерлер менен коррупционерлер киргизилген санкциялык тизме. Ал салыктарды мыйзамсыз кайтаруу аркылуу бюджеттик каражаттарды уурдоо тууралуу айтып бергенден кийин кармалып жана каза тапкан орусиялык аудитор Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган.