Ала-Бука: Тактала элек делген жер 3 жыл мурун алмашылганы белгилүү болду

Жалал-Абал облусунун Ала-Бука районунун ондогон тургуну 12-февралда кыргыз-өзбек чек арасында тактала элек жерге өзбек тарап зым орнотуп жаткандыгына нааразылык билдирип чогулган.

Бул тууралуу аталган райондун Кош-Болот айылынын тургуну тасма жарыялап, «чек ара ушул жерден болгону атыптыр, жерлер өзбек тарапка өтүп кетиптир» деген.

«Мына бул жерде өзбек тараптын солдаттары турат, зымдарды ташып келип тоcкону атышат. Бул жака келиңиздер», — деп айтканы угулат тасмадан.

Аталган тасма тарагандан кийин УКМКга караштуу Чек ара кызматы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзгөнүн маалымдады.

Ошондой эле атайын кызматтан жагдай курчуп кетпеши үчүн тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнгө чейин өзбек тарап тосуу иштерин токтотконун билдиришкен.

Мындан сырткары, ведомство өзбек тараптын чек араны тосушун мыйзамдуу деп атаган. Анткени аталган участоктор 2017-жылы алмашылганын белгилеген.

«Ала-Бука районунун Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек жерлеринде делимитацияланган мамлекеттик чек ара 2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимге жана 2017-жылдын 2-октябрында ратификацияланган №173 Мыйзамга ылайык аныкталгандыгын маалымдайт», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Кабыл алган мыйзам өкмөттүн сайтына жарыяланган. Ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жана учурдагы парламент бекитип берген. Ошондой эле, мыйзамда эки өлкөнүн ортосундагы «келишимге» шилтеме берилген, анткен менен шилтеме иштебегендиктен келишимди табууга мүмкүн болгон эмес.

Ала-Букадагы чек ара маселеси 15-16-февралда өкмөт үйүнүн алдына өткөн митингде да айтылган. Алар президент Садыр Жапаровго кайрылышып, Өзбекстан жана Тажикстан менен деморкация иштерин жүргүзүүнү талап кылышкан.

Тургундар жер алмашууга нааразы

Кош-Болот айылынын тургуну Сапаралы Жолдошов «Азаттык» басылмасына чек ара тилкелеринин көпчүлүк бөлүгү Өзбекстан тарапка чечилип жатат деген пикирин билдирген.

«Буга чейин өзбектердин чек арасы биз турган жерден 3 чакырым алыс жерде турган жолдон болчу. Ал жолдон да мурун кыргыздар каттаган эле. Азыркы чек ара сызыгы эл жашаган аймактын ичине чейин кирген. Биз чек ара сызыгын кайра артка жылдырышын талап кылабыз», — деген Жолдошов.

Жайлообай Досбаев да аталган айылдын тургуну. Ал жаңы чек ара сызыгы анын үйүнүн короосуна келип калганын айтып кейиген.

«Көп жылдан бери жашайм. Кечээ жакында белгилеп кеткен чек ара сызыгынын ичинде ажатканам калды. Балдарым болсо ойногону чыгып бул жакка келип калса кандай болот?» — деп суроо салган Досбаев.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов 17-январда Кош-Болот айлынын тургундары менен жолугуп, түшүндүрүү ишин жургузгөндүгү маалымдалды.

Жолугушууда талашка түшкөн тилкелер буга чейин такталганын жана эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болгону айтылган. Мындан сырткары, Көк-Серек айыл аймагындагы Кош-Болот айлынын Кара-Белес тилкесинен 61 гектардан ашуун жер аянты Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөнү белгиленген.

Ал эми Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Абдулат Мурзаевдин айтымында, Ала-Бука районундагы Кара-Белес участогу юридикалык документтер боюнча Өзбекстанга таандык болуп келген. Ал эми Абадан участогу Кыргызстанга таандык болгону менен аны өзбек тарап пайдаланып келген.

«Анан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Абадан участогунан 14,37 гектар жер аянты аларга өткөн. Бул жерде айтып коюш керек, турак-жайлар бар жерлер өткөн эмес, же адамдар пайдаланып жаткан жер өткөн эмес, бош жерлер алмашылган [Мындан сырткары Алмабел участогунан 24,26 га жер Өзбекстанга берилген] Кыргызстан 61,63 гектар жердин ордуна 38,4 га жер аянтын берип алмаштык», — деген Мырзаев.