Пневмония болгон балдардын саны өскөндүктөн Бишкекте мектеп жана бала бакчалар азырынча ачылбайт

Биринчи премьер-министр Артём Новиков 18-февралда борбор калаада пневмонияга кабылган балдардын саны өскөнүнө байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Анда Новиков азырынча билим берүү мекемелерин толугу менен оффлайн-окууга өткөрүүгө эрте экенин белгиледи.

Ал жаш балдар арасында пневмония, сасык тумоо жана Кавасаки синдромуна кабылгандардын саны өсүп жатканы коомчулукта дүрбөлөң жаратканын белгиледи. Ал 14 жашка чейинки балдарды медициналык байкоого алуу боюнча иш-чаралардын планы жоктугу үчүн ведомстволорду сынга алып, тез арада бул маселени чечүүнү тапшырды.

Анын айтымында, саламаттык сактоо, билим берүү министрлиги жана Бишкек мэриясы «бир жума ичинде онлайн окуп жаткан мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды медкароодон өткөрүп, оорунун белгилери байкалса COVID-19 дартына ПЧР-анализ алуусу» керек.

«14 жашка чейинки балдардын бирдиктүү маалыматтык-медициналык базасын түзүп, күн сайын сасык тумоо жана пневмонияга кабылгандардын эсебин алуу керек. Бардык билим берүүчү мекемелер, менчиктин түрүнө карабай, ар бала тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип турушу керек. Мектепке чейинки тарбия берүүчү мекемелер жана мектептер азыркы убакты чектөөчү форматта иштеп жатышат. COVID-19 пандемиясынын учурунда салттуу окуу процессинин балдардын ден соолугуна тийгизген таасирин анализдемейин, аларды толук кандуу жандандыруу тууралуу сөз болбойт», — деди биринчи вице-премьер.

Ошондой эле, мамлекеттик жана жеке менчик медициналык жайларда балдарга гриппке каршы ыктыярдуу эмдөө жүргүзүүгө шарт түзүп берүүнү тапшырды.

«Бала бакчаларда жана мектептерде балдарды профилактикалык кароодон өткөрүү туруктуу негизде жүрүшү керек. Мындай жол менен, кийинки жумадан тартып, бул иштер ар бир билим берүү мекемесинде жолго коюлуп, медицина кызматкери нөөмөттө турушу керек», — деп белгиледи Новиков.

Пневмония, сасык тумоо жана Кавасаки синдромуна чалдыккан балдар

16-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна (ЭБКУБ) бир күндүн ичинде 32 бала пневмония менен жатканы белгилүү болгон.

«Бул өтө деле көп сан эмес. Вирустук инфекция күч алып турган мезгилде күнүнө мындан эки-үч эсе көп бала жатчу. Пневмония менен ооруп түшкөн балдардыкы коронавирустан өрчүп кеткен деп айта албайбыз. Коронавирустан өрчүгөнүн тастыкташ үчүн көп убакыт изилдөө керек», — деп белгиледи 17-февралда ЭБКУБдун директору Камчыбек Узакбаев.

Анын айтымында, ооруканага пневмония менен келип жаткан балдардын жашы 1ден 16 жашка чейинкилер, алардын абалы орто оор.

«Жылда ушул маалда вирустук-инфекциялык оору жана пневмония менен көп бала ооруйт. Буга коронавирус да кошул-ташыл болуп жатат, постковиддик абал дагы көйгөй жаратууда. Ошол эле учурда сасык тумоо менен ооругандардын саны өстү деп айта албайм. Пневмония менен ооругандардын санынын өсүшүн биз коронавирус менен байланыштырып жатабыз. COVID менен ооруп айыккандан кийин иммунитети алсыз балдар көп убакытта өздөрүнө келишет. Бөбөктөрдүн организми вирустук, бактериялык пневмонияны тез эле кабыл алат», — деди Узакбаев.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчисинин маалыматында борбордо азыр 136 бала болсо, алардын алтоо жандандыруу бөлүмүндө. Анын айтымында, жылда эле күнүнө ушунча адам кайрылат жана кырдаал Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө.

«Кырдаал өтө деле татаал, оор эмес. Учурда биздин борбордо 136 бала дарыланып жатат. Күн сайын 170тен 220га чейин баланы алып келишет. Анын көбүн дарыгерлер көргөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтөт. Жылда эле күнүнө ушунча адам кайрылат. Азыр ооруканадагы балдардын абалы орто. Болгону алты чүрпө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын абалы деле күн сайын жакшырууда», — деди Узакбаев.

Ал үстүбүздөгү жылдын январь айында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна келип түшкөн Кавасаки синдромуна кабылган балдардын саны рекор койгонун дагы белгиледи. Бирок, анын айтымында, азыркы күндө абал көзөмөлдө, ошондой эле борбордогу ар бир Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда педиатрлар кезметте турат.

* Кавасаки синдрому — бир жаштан сегиз жашка чейинки балдарда курч мүнөздүү респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандан кийинки оорлошуу катары пайда болгон аутоиммундук оору. Диагнозу — коронардык артериялардын системдик васкулити — диагнозду клиницист врач гана коё алат.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус менен ооруган балдардын 0,5-2,5 пайызында Кавасаки синдрому өрчүп кетет. Биздин өлкөдө мындай синдром балдар арасында декабрдан тарта каттала баштады. Январда бул синдром менен өтө көп бала түштү. Биз Саламаттык сактоо министрлигинин протоколунда жазылган эреже боюнча дарылоо жүргүздүк. Бир да баланы жоготуп алган жокпуз. Учурда борборубузда Кавасаки синдрому менен эки гана бала жатат. Дагы экөө ооруга шектелип келип, учурда текшерилүүдө», — деди Узакбаев.

Бишкектеги мектептер жана бала бакчалардын ачылышы

Мамлекеттик мектептер менен бала бакчаларды ачуу маселеси пандемия башталгандан бери талкууланып келе жатат.

Республиканын мектеп окуучулары өткөн жылдын 8-апрелинен бери аралыктан окууга кеткен.

Өлкөдө ӨА жана ӨК режими киргенден кийин Билим берүү министрлиги тез арада аралыктан билим алуунун окуу программасын иштеп чыккан. Бардык окуутучу материалдар ведомствонун атайын сайтына жүктөлүп, ошондой эле телевизор аркылуу эфирге берилген.

Бирок көпчүлүк ата-энелер онлайн- окууну сынга алышкан, атап айтканда мындагы окуу материалдарынын сапатына нааразы болушкан. Ошондой эле, ата-энелер керектүү гаджеттердин, телевизор жана интернеттин жетишсиздигине даттанышкан.

Азыр коронавирус пандемиясынан улам ишин токтоткон мекемелердин акыркылары мектептер жана бала бакчалар болууда. Бизнес, муниципалдык транспорт жана базарлар сыяктуу башка чөйрөлөр толук кандуу иштеп жатышат, бирок санитардык талаптар аткарылып, коронавирустун алдын-алуу чаралары көрүлүп жатат.

Менчик бала бакчалар жана мектептер дагы ачылган, 2020-жылдын сентябрь айынан тартып санитардык талаптарды аткаруу шарты менен ишмердүүлүгүн улантып жатышат. Оффлайн режимде менчик окутуу курстары жана балдарды жана өспүрүмдөрдү өнүктүрүү борборлору иштеп жатат.

Тема боюнча окуңуз:

Бишкектин вице-мэри балдардын ден соолугуна ата-энелер жооп берерин эскертти