УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге учуп келди

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 18-февралда Баткенге учуп келди. Ал Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын тургундары менен жолугаарын айтты. Ташиевди аэропорттун аймагында ондогон тургун тосуп алды.

Буга чейин эки күн катары менен өкмөт үйүнүн алдына Баткен облусундагы чек арага жакын аймактардын жашоочулары митингге чыгышкан.

Алар Тажикстан Баткен облусундагы такталбаган аймактарга бак-дарак тиге баштаганын айтышып, деморкация маселесин чечүүнү талап кылышкан.

Митингге чыккандар аларды президент Садыр Жапаров өзү кабыл алышын суранышкан. Бирок митингчилер менен жолугушууга Жапаров да, бийликтин башка өкүлдөрү да чыккан эмес.

Ал эми өкмөттөн мамлекеттик чек аралар маселеси боюнча делегациянын башчысы Ташиев болгондуктан, бул маселени ал чечет деп билдиришкен. Анткени Чек ара кызматы жаңы өкмөт келгенден кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кошулган.

Ташиев 6-февралда Германияга кеткен болчу. Ал жактан ага жүрөгүндөгү тромбду алуу боюнча операция жасалды.

Чек-ара көйгөйлөрү

Чек ара маселелери Кыргызстанда бир топ жылдардан бери көтөрүлүп келет. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен болгон чек араларында 12 жаңжал болгон.

Алардын ичинен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде 9, кыргыз-өзбек тилкесинде 3 окуя катталган.

2020-жылдын май айынан июнь айына чейин эле кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган бир нече чыр чыккан.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 километрди түзөт, алардын ичинен 519 километри гана такталып, демаркацияланган.

Такталбаган чек ара тилкелери чек арага жакын жайгашкан айылдардагы көптөгөн жаңжалдарга себеп болот — суу талаш, жер талаш, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү.

2019-жылы бир нече чек ара чырлары болуп турган — айрым учурларда кыргызстандыктар айылдарынан убактылуу эвакуацияланууга да аргасыз болгон.