Али Токтакунов журналисттик иликтөөлөрдү даярдаган фонд негиздеди

Али Токтакунов. Сүрөт: Акылбек Орозбеков

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов «Али Токтакуновдун МедиаХабы» фондун негиздеди. Анын ачылышы 18-февралда Бишкек шаарында өттү.

Фонд мыйзамсыз көрүнүштөргө негизделген журналисттик иликтөөлөрдү жасап, журналисттерге колдоого көрсөтөт. Ошондой эле кыргыз кинолорун өнүктүрүү жана дүйнө менен байланыштыруу багытында иш алып барат.

Токтакуновдун айтымында, фонддун түптөлүшүнө коррупция боюнча бир катар журналисттик иликтөөлөр чыккандан кийин элде пайда болгон талап жана «дух» да түрткү болгон.


«Элдин арасында пайда болгон духту, ишенимди жана талапты андан ары жоготуп ийбей, "биз дагы өнүгүшүбүз керек, коррупцияга каршы күрөшүшүбүз керек, алардын айласын алты кетиришибиз керек" деп мына ушул фондду түзүп отурабыз. Фонддун түпкү максаты мына ушундай медиа проекттер аркылуу, модерн кыргызды жаратуу. Заман менен тең жүгүргөн, замандын тилин түшүнгөн кыргызды тарбиялоого салым кошуу», — деди ал.


Ал эми ачылышка келген жарандык активист Руслан Акматбек коомчулукту журналисттер жасаган иликтөөлөрдү колдоого чакырды.

«Иликтөөчү журналисттер коомдун санитарлары. Абдан маанилүү көйгөйлөрдү чыгарышып, эртеңки келечекти сактап калыш үчүн ушуларды жасап жатышат. Биз жок дегенде чыккан иликтөөлөрдү жайылтууну, бийликтен ошол нерселер боюнча мыйзамдуу чара көрүүнү талап кылышыбыз керек», — деди ал.

Фонд краудфандинг жолу менен каржыланат. Башкача айтканда борбор элден топтолгон каражатка иш алып барат.

«Менин келинчегим Прагадагы ФАМУ деген эски кино мектеп бар, ошол жерде окуйт. Ал дүйнөдөгү кино өндүрүшү менен азыр тааныша баштады. Тилекке каршы кыргыз кинолору көбүрөөк чет өлкөлөргө чыкпайт же чет өлкөдөн көбүрөөк кинолор келбейт. Мына ошол боштукту толтурууну көздөп, ошол эки багытты экөөбүз азыр кармап турабыз», — деди фонддун негиздөөчүсү.

Самара Сагынбаева. Сүрөт: Акылбек Орозбеков

Фонддун ачылышында Токтакуновдун жубайы Самара Сагынбаевага таандык «Курмандыктар» аталышындагы тасмасынын трейлери көрсөтүлдү. Сагынбаеванын айтымында, тасмада Токтакуновдун иликтөө даярдап жаткан кези, маалымат булактары менен сүйлөшкөн учурлары, анын коопсуздугу жана иликтөө жасоодо басып өткөн жолу баяндалат. Тасма 2021-жылдын аягында көрсөтүлөөрү айтылды.

«Эмне үчүн курмандыктар? Анткени биз кыргызстандыктар коррупциянын, башкача айтканда кыргызстанды каалашынча тоногон Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн курмандыгыбыз [...] Дагы ойлогонбуз “Матраимовдордун курмандыктары” деп атасакпы деп, бирок алып караганда алар өзү да акчанын курмандыктары экен да», — деди Сагынбаева.

Мындан сырткары иш-чарада Али Токтакунов менен иликтөөчү журналист Болот Темиров биргеликте жасаган «Темир жолдон миллиондорду сааган Дашков» аттуу иликтөө көрсөтүлдү.

Анда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Василий Дашковго байланышы бар үч фирма акыркы эки жылда эле аталган ишканадан 176 миллион сомдук тендерди утканы жана ал кандайча ишке ашырылганы ашкереленген.

Али Токтакунов жана Болот Темиров. Сүрөт: Акылбек Орозбеков

Токтакуновдун иликтөөлөрү

Али Токтакунов «Азаттык» радиосунда 10 жылдай иштеген. Ал «Азаттыктан» өткөн жылдын октябрь айында кеткен. Али Токтакунов бажыдагы ири коррупциялык схеманы, Кыргызстандан 700 млн доллардай каражаттын чыгарылышын алгачкылардан болуп иликтеген.

Ал «Азаттыкта» иштеп жүргөндө, OCCRP жана «Клооп» менен биргеликте Матраимов жана Абдукадыр кландары тууралуу бир катар иликтөөлөрдү даярдаган. Материалдар коомчулукта резонанс жаратып, экс-бажычы Райымбек Матраимовду камоону талап кылган бир канча тынчтык митингдердин өтүшүнө түрткү болгон.

Ал эми 11-февралда Биринчи май райондук соту Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып салып сот залынан бошоткон. Матраимовго чыккан өкүмгө жарандык коом нааразы болгон. Мындан улам 14-февралда Бишкекте коррупцияга каршы тынчтык жөө жүрүшү өткөн — жүрүшкө Али Токтакунов да катышкан.

18-февралда Матраимов «кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу» фактысы боюнча УКМК тарабынан кайрадан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөөнүн негизги фигуранты болгон Райымбек Матраимов жана анын үй-бүлөсү Токтакуновду, «Азаттык» радиосун, «Клооп» басылмасын сотко берген.

Матраимовдор журналисттерди алардын ар-намысына жана ишкердик беделине шек келтирди деп айыптап, Токтакуновдон 10 млн, «Азаттыктан» 22,5 млн, «Клооптон» 12,5 млн сом кун талап кылышкан. Соттук процесс Матраимов бажыдагы коррупция боюнча коюлган күнөөнү мойнуна алгандан кийин да уланып жатат. Бирок Матраимовдор ар кандай шылтоолордун негизинде сотко катышпай келишет.