Жапаров Кыргызстан менен Орусиянын алакасы тууралуу макала жазды

Садыр Жапаров Москвага болуучу иш сапарынын алдында Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси тууралуу «Союздук байланыштар» аталышындагы макала жазды. Макала 19-февралда «Слово Кыргызстана» өкмөттүк гезитине жарык көрдү.

Жапаров макаласында Кыргызстан менен Орусиянын элин бириктирип турган байланыштар, орус тилинин орду, эки өлкөнүн биргелешип кызматташуусунун келечеги жөнүндө ой бөлүштү.

Президент жазган макаланын текстин толугу менен бул жерден окуса болот.

Билим берүүгө кошкон салымы

Президент макаласынын башталышында Орусия качандыр бир кезде кыргыз элин бириктирүүгө жардам бергенин белгилейт.

«19-кылымда кыргыздардын Орусияга кошулуусу бир эл болуп биригүүгө өбөлгө болуп, анын андан ары өнүгүшүнүн багытын түптөгөн», — деп эсептейт президент.

Ал Орусия кыргыздардын билимине чоң салым кылганын белгиледи. Анын пикири боюнча, 1917-жылы болгон Октябрь революциясы «дээрлик жоголуп бараткан кыргыз жазмасын жаңыдан түзүүгө чоң түрткү берди».

Ошондой эле, президент макаласында орусиялык окумуштуулардын салымын белгилеп өткөн — академиктер Константин Юдахин, Константин Скрябин, Михаил Лухищин жана башкалардын илимдин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеген. Жапаров бул москвалык, ленинграддык жогорку окуу жайларын аяктаган жаңы маданий жана тарыхый бир топтун — кыргыз интеллигенциясынын пайда болушун шарттады деп билдирген.

«Орусиянын жардамы менен бир тууган союздук республикалардын алкагында улуттук мамлекеттүүлүктүн негиздери бышып жетилди. Көп жылдар бою Кыргызстан Орусия менен эриш-аркак өнүктү. Бул урагыс байланыштардын бир жагынан байыркы, бир жагынан жаш мамлекеттүүлүгүбүздүн материалдык жана руханий пайдубалынын түптөлүшүндө тарыхый жактан ээлеген орду чоң», — деп белгиледи президент.

Мындан тышкары, Жапаров орус тилинин ролу тууралуу да айтып өттү. Ал орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили деп белгиледи. Анын үстүнө, ал мыйзамдык жактан жакшы корголгон, анын макамы Конституцияда белгиленген.

Эриш-аркак жылын узартуу

Жапаров макаласында 2020-жыл Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылы болгонун эске салып, аны узартууну сунуштады.

*Анын алкагында 2020-жылы маданий-гуманитардык, саясий, экономикалык жана башка тармакта эки жүзгө чукул иш чара өткөрүлмөк.

Бирок, пандемиядан улам айрым иш-чаралардын форматы өзгөртүлгөн. Ошентип, 2020-жылдын февраль айынын аягында салтанаттуу ачылышы офлайн форматында, ал эми Орусиянын Кыргызстандагы күнү жана Кыргызстандын Орусиядагы Эгемендүүлүк күнү онлайн форматта өттү.

«Көп улуттуу Кыргызстандын элинин атынан мен эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуш кылам. Бул боюнча Орусиянын жетекчилигинен колдоо табарыма ишенем. Кыргызстан үчүн Орусиянын орду жана ролу жөнүндөгү маселе теориялык эмес, практикалык мүнөздө экендигин баса белгилегим келет. Тыгыз кызматташуу кызыкчылыгы негизинен биздин улуттук кызыкчылыктарга багытталат. Алар, маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын мындан ары чыңдоо, коопсуздукту камсыз кылуу, улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, өлкөдөгү руханий жана гуманитардык тармактардын өнүгүшүнө түрткү берүү менен байланыштуу», — деп айтылат макалада.

Жапаров Орусия менен болгон алакаларды союздук жана стратегиялык өнөктөштүктүн эң жогорку деңгээлине жеткирүү багыты Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына жооп берет деп эсептейт.

Ал белгилегендей, Орусия менен кызматташууну чыңдоонун башка бир жолу жок жана республиканын тышкы саясатында бул багыт негизги орунду ээлейт.

«Орусия өзүнүн кубаттуулугу жана интеграциялык долбоорлору менен мамлекеттик чек арасын бойлото тынчтыкты камсыз кылып, айланасында жигердүү өнүгүп жаткан аймакты түптөөдө

Алдыда боло турган иш сапар биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп белгиледи Жапаров.

Президент обочолонуп иштөөдө

Президент Садыр Жапаров азыркы убакта обочолонууда жана алдыдагы эл аралык сапарларына байланыштуу аралыктан иштеп жатат.

Ага карабай президент «өлкөдө болуп жаткан бардык окуяяардан кабары бар» экенин өлкө башчысынын аппаратынан белгилешти.

Буга чейин Жапаров, президент катары алгачкы иш сапарын Орусиядан баштарын жана президент Владимир Путин менен жолугарын айткан.