Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өттү

Президент Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 15-февралдан тарта аралыктан иштеп жатканын президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

«Өлкө башчысы учурда пландаштырылып жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралардын алдында, коронавирус инфекциясы пандемиясы уланып жатканын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү», — деп жазылат маалыматта.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Sputnik басылмасына өлкө башчысынын обочолонуусу Орусияга боло турган иш сапары менен байланыштуу экенин айткан. Ошондой эле, бул сапар абдан олуттуу экенин белгилеген.

«Мурунку өлкө башчысынын окуясы кайталанбасын деп, бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат», — деди Байтерек.

Бирок, Жапаровдун Орусияга иш сапары качан болоору так айтылган эмес. Анткен менен Орусиянын «РИА Новости» маалымат агенттиги визит 24-25-февралга белгиленгенин маалымдады.

Буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылдын 23-июнунда Орусиянын Москва шаарына иш сапары менен барып, Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгын майрамдоо иш-чарасына катышпай кайра келген. Буга мурдагы президентти коштоп барган эки адамдан Covid-19 аныкталганы себеп болгон.

Жээнбеков Москвадан Бишкекке ошол эле күнү 24-июнда кайтып келген. Анын коронавируска тапшырган анализи таза чыкканы менен ал келери менен үч күндүк обочолонууга кеткен.