Акыркы суткада коронавирус жуктурган эки киши каза болду, жаңы 72 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: ССМ

Республикалык штабдан 23-февралда коронавирустун жаңы 72 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 17;

Чүй облусу — 47;

Ысык-Көл облусунда — 3;

Нарын облусу — 1;

Жалал-Абад облусу — 1;

Баткен облусу — 2;

Ош облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 86 001ге жетти. 

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 105.

Ошондой эле, акыркы суткада 76 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 33, Чүй облусунда — 26, Жалал-Абад облусунда — 1, Ош шаарында — 2, Ысык-Көл облусунда — 11, Нарын облусунда — 1, Талас облусунда - 2, Баткен облусунда — 1 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 82 879 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 383 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 20 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 341 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарында эки COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 460 киши көз жумду.

Өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлер аныкталган жок. Ал эми бир суткада төрт медик айыкты. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 202ге жетти, анын ичинен 4 158 медкызматкер илдеттен айыкты.