Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстанда COVID-19 дартына каршы Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасы каттоого алынганын кабарлады.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, вакцина Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаментинен каттоодон өттү.
«“Спутник V” вакцинасын каттоого алуу аркылуу жакынкы аралыкта калкты коронавирус инфекциясынан алдын алуу үчүн жапырт эмдөөгө шарт түзүлөт», — деп кошумчалашты министрликтен.
Орусиялык вакцинадан тышкары, Кыргызстан британиялык AstraZeneca вакцинасын 500 доза өлчөмүндө алат. Вакциналарды Глобалдык альянс COVAX программасынын алкагында бермекчи.
Вакцина жана иммундаштыруу боюнча глобалдык альянс AstraZeneca вакцинасы менен камсыздоону 2021-жылдын февраль айынын башында баштаган. AstraZeneca вакцинасынын сактоо шарты 2-8°С түзөт (кадимки муздаткычтын шарты). Сактоо мөөнөтү алты ай.
«Спутник V» тууралуу эмне белгилүү?
«Спутник V» — «Гамалеи атындагы эпидемиология жана микробиологияны изилдөө улуттук борбору» тарабынан иштелип чыккан Орусиянын өндүрүшүндөгү вакцина. Орусияда вакцина 2020-жылдын августунда эле каттоого алынган.
Буга чейин саламаттык сактоо министрлиги COVAX глобалдык альянсынын алкагында Кыргызстан америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компанияларынын вакциналарын колдонууну пландаган болчу. Бирок өлкөдө атайын муздаткычтар жок болгондуктан Кыргызстан бул вакциналарды азырынча ала элек.
Кийин Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik.kg басылмасына маек куруп, Кыргызстан Орусиядан коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын сураганын кабарлаган. Министр 250 миң адамды эмдөө үчүн 500 миң доза жетиштүү деп кошумчалаган, ал эми эмдөөнүн өзү эки этап менен өтөт.
Орусиянын «Спутник V» вакцинасы сыноолордун үчүнчү фазасы башталганга чейин эле COVID-19 илдетине каршы каттоодон өткөн биринчи вакцина. Аны иштеп чыккандар вакцинанын таасирдүүлүгү 95%ды түзөт деп ишендиришкен.
* Сыноолордун үчүнчү фазасында ыктыярчылардын саны көбөйөт жана алар эки топко бөлүнөт. Биринчи топко вакцина, экинчилерге — плацебо сайылат.
Дагы окуңуз: Кыргызстан Pfizer вакцинасынан баш тартты, анын ордуна кайсынысы келет?
Клиникалык сыноолордун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы айтылбагандыгы жана шашылыш каттого алынуусу орусиялык вакцинанын имиджине терс таасирин тийгизип, илимий чөйрөдө нааразылык жараткан.
Бирок 2-февралда кадыр-барктуу The Lancet медициналык журналында орусиялык вакцинанын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы жарыяланган. Сыноого 19 866 адам катышкан. Ага ылайык вакцинанын таасирдүүлүгү 91,6% түзгөн, ал эми ыктыярчылардын эч биринде олуттуу терс таасири байкалган эмес.
Вакцина 60 жана андан жогорку жаштагы адамдарда дагы натыйжалуулугун көрсөткөн. Бирок ал жашы жетек электерге, кош бойлууларга жана эмчек эмизген энелерге сайылып сыналган эмес, ошондуктан вакцина бул топтогу адамдарга кандай таасир этери азыр белгисиз.«Спутник V» үч жума аралык менен эки жолу сайылат. Вакцинанын экинчи компоненти куюлган соң үч жумадан кийин иммунитет пайда болот.
«Спутник V» Орусиядан тышкары Беларус, Аргентина, Боливия, Сербия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай, Түркмөнстан, Венгрия, БАЭ, Иран, Гвинея Республикасы жана Тунисте катталган.