Акыркы суткада коронавирус жуктурган 68 бейтап сакайып, үч бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 25-февралда 68 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын кабарлашты. Сакайгандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 24, Бишкек шаарында — 19, Жалал-Абад облусунда — 5, Ош шаарында — 2, Ысык-Көл облусунда — 8, Нарын облусунда — 5, Баткен облусунда — 2, Талас облусунда — 3 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 83 006 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 358 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 18 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 358 киши дарыланып жатат.

Ал эми акыркы суткада коронавирустун жаңы 66 учуру катталды. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында аныкталды — 27. Ал эми Чүй облусунда — 24, Ош жана Ысык-Көл облустарында — алтыдан, Нарын облусунда — эки жана Баткен облусунда — бир учур катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 86 091ге жетти. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 233.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында эки жана Ысык-Көл облусунан бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 463 киши көз жумду.

Ошондой эле, өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлер аныкталган жок. Ал эми бир суткада алты медик айыкты.