Таасири күчтүү мурдагы аткаминер көп жылдык коррупциялык схемалардан тийген зыяндын ордун толтуруу үчүн Бишкекте батирлерди сатып алып, аларды мамлекетке өткөрүп берген.

Райымбек Матраимовдун жоопко тартылуу убакыт-сааты келгенсиген.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Райым миллион аттуу айтылуу көпөс октябрда коррупциялык кылмыш иштери үчүн өкмөткө эки миллиард сом (24 миллион доллар) төлөп берүүгө макул болгон.

Айрымдар, күнөөнү мойнуна алып, келтирген зыян үчүн кенемте төлөп берүүнү, эчен жылдар коррупция гүлдөп өскөн өлкө үчүн алдыга карай олуттуу кадам деп эсептешет.

Бирок OCCRP жана «Клооптун» журналисттери ЖМКларда тынымсыз айтылып жаткан бул компенсациялык төлөмдөрдүн чоо-жайы кыйла бүдөмүк экенин аныкташты. Болжол менен сумманын үчтөн бирин Матраимов мамлекетке өткөрүп берген тогуз батир менен соода борбору түзгөн. Болгондо да Матраимов батирлерди мамлекетке берерден бир нече күн мурда эле сатып алган. Мындай схеманын артында эмне турганы азырынча бүдөмүк.

Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы

Матраимов азыр Мамлекеттик бажы кызматында иштебейт. Ошентсе да ал мартабалуу мамлекеттик кызматтарды ээлеген бир туугандары менен бирге эсепсиз байлык топтоп, аны таасир этүүнүн булагына айланта алган.

Эң баалуу актив — Бишкекте бош турган «Эльдорадо» соода борбору — агасынын белеги.

Калган-каткан кыймылсыз мүлк — күмөндүү эски батирлер: Матраимов аларды өкмөткө өткөрөрдөн бир нече күн мурун дүңүнөн сатып алган. Ушул жерде чоң суроо жаралат: батир сатып алган акчанын өзүн эле казынага төксө болбойт беле? Андан да кызыгы, Матраимовго тиешелүү делген банктык эсептер соттун чечими менен камакта болсо, кайсы каражатка сатып алды?

Демек, Матраимов жана анын жакындары баасы асман чапчыган үй-жайынан кол жууган эмес. Матраимов бажыда иштеген жылдарында жыйган мүлкүнүн так эсебин чыгаруу мүмкүн эмес, бирок өтө көп деп саналат: буга чейинки иликтөөлөрдө ал Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кетүүгө жол ачкан коррупциялык схеманы уюштурууга жардам бергенин, ал аркылуу бай-манасы ашканы ачыкка чыккан.

Тергөө менен бүдөмүк келишүү кооптуу прецедент түзөт дейт Transparency International уюмунун кыргыз бөлүмүндөгү өкүлү Адылбек Шаршенбаев.«Эгер коррупционер штраф төлөп же кайсыл бир мүлккө байланыштуу милдеттенме алуу [мисалы, мамлекетке мүлк өткөрүп берүү] менен кутулуп кетем деп ойлосо, анда ал ишин уланта бериши мүмкүн, — дейт ал. — Ошондуктан, менин оюмча, коррупция боюнча ымалага келишип алууга боло тургудай нерселерге таптакыр жол бербеш керек».

Матраимовдун мындан аркы тагдыры белгисиз. 18-февралда ал күтүүсүз жерден кайрадан кармалды. Бул ирет кылмыштуу кирешесинин изин жашыруу айыбы тагылып, эки айга камакка алынды. Матраимовдун сот жообуна тартыларына көзү жеткендер жок өңдөнөт: депутаттардын бири «УКМКнын ТИЗОсу шумдук отелге айланып баратат» деп тамашалады.

Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрү жана адвокаты бул макала боюнча пикирин билдирүүгө макул болгон жок.

Саясий себептерден улам

2020-жылдын октябрь айында парламенттик шайлоодогу добуш сатып алууга жана көптөгөн мыйзам бузууларга нааразы болгон калк митингге чыккандан тартып Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр башталган. Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн колдоосу менен парламенттик шайлоодо жеңүүчүдөн аз эле пайыз артта калып, экинчи орунга ээ болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясына коомчулуктун нааразылыгы күчөгөн.

Башаламандыктардан кийинки бир нече күндө тарапташтарынын жардамы менен абактан чыккан улутчул көз караштагы саясатчы Садыр Жапаров өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу болгон. Нааразычылык күч алып турганда Жапаров каны кайнап турган элге Матраимовдун эсебин табам деп убада берген.

Садыр Жапаровдун тарапташтары Бишкектин борбордук аянтында, 14-октябрь, 2020-жыл. Сүрөт: Эмир Кыдырмышев/CC Attribution-Share Alike 4.0

«Райым Миллион камалат», — деп ал күпүлдөп турган топко убада берген.Садыр Жапаров 16-октябрда өлкө президентинин милдетин аткара баштап, кайрадан Матраимовдун эсебин табарын убадалайт, бирок бул жерде абак жазасы тууралуу ооз ачкан эмес. «Матраимов жана башка коррупционерлер мыйзам чегинде толук жазаланат», — деген ал.

Төрт күндөн кийин чындап эле Матраимовдун колуна кишен салынды, бирок ошол эле күнү кечке жуук тергөө менен келишип, эркиндикке чыккан.

Жапаров бул кадамга «саясий» себептерден улам бардык деп түшүндүргөн. Матраимов эркиндикте калуу үчүн күнөөнү мойнуна алып, келтирген чыгымдын ордун толтурууга макул болгон. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Матраимов эки миллиард сом (24 миллион доллар) төлөйт деп билдирген.

Саясий баяндамачы Азим Азимов тергөө ымаласы түрдүү ойго жетелейт деген оюн айткан.

«Матраимов эки миллиард төлөп бергени абдан таасирлентти, — дейт ал. — Биринчи жолу моюн сунууда».

Экинчи жагынан, баары алдын ала сүйлөшүлгөн, макулдашылган иш экени айдан ачык көрүнүп турат. «Райымбек Матраимов жана анын жан-жөкөрлөрү бийликтин бардык бутагына сиңишип кеткен. Аларды жазалоо оңой-олтоң иш эмес, от менен ойногонго барабар», — дейт Азимов. — Алар кеңешип-кептешип, коомчулук күткөн жазага жакындатылган жолун табышкан.

Матраимов жараткан машакат өлкө ичинде уу-дуу болуп, талкууланып жатты. Бирок, Матраимовдун кенемтенин толук суммасын жөн жерден төкпөгөнү байкалбай калды.

24-декабрда басма сөз жыйында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Матраимов бюджетке 1,4 миллиард сом (17 млн доллар) накталай которгонун, ал эми калган 600 млн сомду (7 млн доллар) батир жана соода борборун берип кутулганын айткан.

Отурумдан кийинки орчундуу суроолор

УКМК башка эч нерсе айткан эмес, бирок Матраимовдун кенемтесине байланышкан айрым маалыматтар (мисалы, батирлеринин дареги) февралдагы соттук териштирүүдө белгилүү болду.

Мына кызыктын бардыгы ушул жерден чыга келди.

Биринчиден, эки миллиард сом деген сумма кайдан чыкканы жана жылдап иштеген коррупциялык кыянаттык үчүн эмне себептен ушул сумма туура келет деп эсептелери белгисиз. Прокурордун айтымында, Матраимов белгилүү өткөрмө пункттары аркылуу өлкөгө кирген ар бир жүк ташуучу унаадан 860 доллар пара алып турган. Ал иштеген жылдары жалпы жонунан 16 761 жүк ташуучу унаа кирип чыккан. Ушул учурдагы курс менен эсептесек 1,2 миллиард сом (14 миллион доллар) болот. Эмне себептен башка өткөрмө-пункттары эске алынбайт? Паранын өлчөмү 860 доллар экени Матраимовдун өзүнүн оозунан чыккан, бул сөздүн чын-бышыгын аныктоочу кандай далилдер бар? Бул сумма башка дагы кайсыл негиздерге таянып айтылган?

Райымбек Матраимов сотто, 2021-жыл февраль айы. СҮРӨТ: «Клооп»

Экинчиден, эмне үчүн өткөрүп берилген мүлк тек гана 7 миллион долларга бааланганы түшүнүксүз. Бийлик муну эч кандай түшүндүргөн эмес. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун өкүлү журналисттерге курган бейрасмий маегинде Матраимов өткөрүп берген мүлктү жеке компаниялар баалап бергенин, мамлекет анын жыйынтыгын текшергенин айтып берди.

Журналисттер бул мүлктөрдү өз алдынча баалап көрүп, башка сандарга күбө болушту. Эгер мурдагы алып-сатуу келишимдеринин суммасы белгилүү болсо, биз ошол суммаларды эсепке алдык; эгер бул суммалар белгилүү эмес болсо — бири-бирине байланышы жок баалоочулар менен риэлторлордордун бааларына таянып, 10 объектинин наркы 5,6 — 6,7 млн доллардын тегерегинде экенин аныктадык.

Соттук отурумда прокурор Матраимов кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээ болгон акчасына сатып алганын, анын ичинде Бишкектеги пентхаус менен Ысык-Көлдүн жээгиндеги коттедж дагы бар экенин белгилеген. Бирок булар өкмөткө өткөрүлгөн объектилердин арасында болгон эмес.

Интерактивдүү карта: Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкү

Иликтөөлөрүбүздүн биринде Матраимовдордун мүлкүн тизмектеп бергенбиз. Алардын баары бул интерактивдүү картада. Аларды Матраимов бажыдагы айлыгына сатып ала албайт болчу, биз муну мыйзамсыз баюунун далили деп эсептейбиз.

Ошондой эле, Матраимов өкмөткө тогуз батир өткөрүп берген. Алардын жарымы эски советтик үйлөрдө жайгашкан, ал эми соода борбору көптөн бери аңгырап бош турган. Анал калса, бул тогуз батир эч качан Райымбек менен анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн арасында болгон эмес. Буга таң калыштын кереги жок: Матраимов аларды январдын аягында сатып алган, өкмөткө өткөрүп берүүдөн бир апта мурда.

Тактап айтканда, УКМК декабрь айында Матраимов кыргыз салык төлөөчүлөрүнө кыймылсыз мүлкүн берип, кенемте төлөдү деп жар салганда, тогуз батир бажычыга тиешелүү дагы эмес болчу.

Журналисттер бул карама-каршылыктардын баардыгы боюнча УКМКга суроолордун тизмегин беришти. Бирок атайын кызмат Матраимовго чыккан соттун өкүмүнө багыттама берип кутулду. Ошол бойдон мекеме суроолорго жооп бергенин токтотту.

Бишкектен батир сатып алуу

Бул эмне болгон батирлер жана алар мурда кимге таандык эле? Буларды аныктоо үчүн журналисттер Бишкекти түрө кыдырып чыгышкан.

Батирлердин баары киши жашабагандай сезилет. Сөзгө тартууга мүмкүн болгон кошуналар бир нече айдан бери эч ким жашабаганын айтышкан. Айрым батирлердин каалгасынан журналисттер төлөнбөгөн коммуналдык төлөмдөр үчүн эсептерди табышкан. Бишкектин батыш тарабындагы батирге барганда, аларды турак-жай комитетинин ачууланган өкүлү тосуп алган — ал айым дал ошол батирдин эшигин каккылап жаткан: «Мага дагы кызык [бул үйдө ким жашары]», — деген ал. — Батир ээлери коммуналдык төлөмдөрдү төкпөй келишет.

Батирлердин абалы кандай экенин билүү мүмкүн болгон жок. Мамлекет батирлерди сатып же дагы кандайдыр бир пайдалануу үчүн канча каражат жумшаары дагы түшүнүксүз. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан батирлердин мындан аркы тагдыры кандай болоорун дагы расмий сурасак жооп беришкен жок.Болгону батирин саткан бир адам менен гана байланыша алдык — ал Баястан Келишбеков. 25-январда ал Райымбек Матраимовго эки батирин саткан.

Келишбеков ортомчу менен гана байланышканын, чындыгында батирлерди Матримов сатып алганын УКМКга чакырылганда билгенин айтып берди. Ал атайын кызматтын өкүлдөрү менен эмне тууралуу сүйлөшүшкөн эч кимге айтпоону суранышканын кошумчалады.

Келишбеков сатуу келишими толугу менен мыйзамдуу экенин айтат. «Ыраазыбыз, — деди ал. Биз өз акчабызды алдык, алдын ала төлөнгөн акчаны, андан кийинки келишимде көрсөтүлгөн каражатты дагы алдык». Ал купуялуулукка таянып Матраимов канча төлөп бергенин айткан жок.

Бир гана учурда бажы төрагасынын мурдагы орун басары менен батир саткан адамдын байланышы тууралуу илинчек табылган. Батирлердин биринин документинде Матраимовдун жээни Нурсеит Сыдыковдун аты-жөнү болгон.

Өкмөткө өткөрүлүп берилген батирлердин тизмеси

Бардык тизмени көрүп, анын баянын окуш үчүн оңго барактаңыз.

Буга чейин «Эльдорадо» соода борбору (өткөрүп берилген мүлктөрдүн эң кымбаты) Матраимовдордун туугандарыныкы экени кабарланган — соода борбору аларга коррупциялык схема аркылуу тийгени талашсыз. Ал каралбай калган имаратты агасынан белекке алып, бир нече күндөн кийин эле мамлекетке өткөрүп берген.

«Эльдорадонун» таржымалы

Райымбектин келини Минавар Жумаева «Эльдорадого» ээлик кылган компаниянын жарымын Абдукадырдын үй-бүлөсүнөн сатып алган. Абдукадыр Матраимов бажыда башчынын орун басары болуп турганда калкалаган оор жүк ташуучу көмүскө империясындагы өнөктөшү.

Компаниядагы үлүштү канчага сатып алганы белгисиз, бирок Жумаева кийин 22 миң долларга баалаган. Ушул имарат жана OCCRP жана өнөктөштөрүнүн мурдагы иликтөөлөрүндөгү көптөгөн башка далилдер Абдукадырлар менен кызматташуу Матраимовдорго чоң киреше алып келгенин тастыктайт.

Жеке менчик ээлеринин реестриндеги маалыматка ылайык, Жумаева соода борборун күйөөсүнө, парламент депутаты Искендер Матраимовго белек кылган, өз кезегинде ал имаратты иниси Райымбек Матраимовго каттап берген. Эки көз карандысыз баалоочунун эсебинде соода борборунун азыркы баасы беш миллион сомдон алты миллион сомго чейин турат.

Адылбек Шаршенбаевдин айтымында, Матраимовдон акчанын ордуна кыймылсыз мүлк алуу боюнча бүдөмүк келишим дагы шек жаратат. «Негизи, иш жүзүндө мындай, эгерде акча каражаты бар болсо, мындай соттук чыгымдар — нак акча менен төлөнөт. Качан гана накталай төлөтүп алуу мүмкүн эмес болгондо, мамлекет кыймылсыз мүлк түрүндө өндүрөт».

«Келтирген зыяндын ордуна мүлкүн берген учурда, жарандарда бул мүлктүн баасын ким бычып, ким аныктайт деген ишенбестик жаралат, — деп кошумчалайт ал. — Эгер мүлк акыйкат бааланбай калса, бул да бийликке болгон ишенимди солгундатат».

Кайрадан камакта

Матраимов тергөө менен келишимге барып, күнөөсүн мойнуна алып, эки миллиард сом компенсация төлөп берүүгө макул болгондо бийлик аны дароо бошотуп, өзүнө жана аялына таандык банктагы эсептери менен кыймылсыз мүлктөрүн камактан чыгарган. Аны менен катар, 260 миң сом айып төлөөгө (3080 доллар) милдеттендирген.

Анткен менен тергөө менен кызматташтык болгону тууралуу маалымат коомчулуктун нааразычылыгын жараткан — Бишкекте чакан адамдардын тобу акция да уюштурган. Мындан улам УКМК Матраимовдун чет жактагы мүлкү тууралуу иликтөө жүрүп жатканын кабарлаган. 18-февралда Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектелип кайрадан кармалган. Кийин сот аны тергөө жүргүчө эки ай камакта калтырган.

Райымбектин таламын талашып, аны эркиндикке чыгарууну талап кылып жүрүшкө чыккандар аны садага чабылып кетти деген ойдо. Ошондой эле, ал мамлекетке болгон карызын төгүп бүттү деп эсептешет.

Мурдагы журналист жана Матраимовдун тарапташы Элнура Алканова мамлекетке чыгымды экс-бажычы араңдан зорго чогултту дейт.

«Бул акчаны ал туугандарынан чогултту, бир бөлүгү — үй-бүлөсүнүн акчасы, дагы бир бөлүгү — туугандарынын, тарапташтарынын, тааныштарынын, жакшы мамиледеги адамдарынын акчасы — алардан ал ушул сумманын баарын чогултту»,— дейт ал. «Ал колунда болгон бүт мүлкүн, бүт мал-жандыгын сатты, ошонун баарын берди».

Бирок, журналисттердин колуна тийген жер кадастрындагы маалыматка карасак, акыркы айларда Матраимовго жана анын жакындарына, үзөңгүлөштөрүнө тиешелүү Кыргызстандагы кыймылсыз мүлктөрүнүн биринин дагы ээси алмашкан эмес. Дубайдагы баасы асман чапчыган пентхаус дагы деле Матраимовдун аялына тиешелүүбү-жокпу белгисиз.

Активисттердин айтымында, дал ушул себептен ачык-айкындуулук чоң мааниге ээ.

«Мунун баары [ортодогу келишимдер, сүйлөшүүлөр] ачык өтүшү керек», — деп эсептейт Transparency International уюмунун ыргыз бөлүмүнүн өкүлү Адылбек Шаршенбаев. — Кандай кадамдар ишке ашып жатканын коомчулук билиши керек. Мунун баары ЖМК аркылуу айтылууга тийиш».

«[Болбосо] бул коррупционерлерге “Уурдай бергиле, бирок бир аз бөлүшкүлө дагы анан тайраңдап жүрө бергиле” деген белги болуп калат».

Президент Садыр Жапаровдун администрациясынан комментарий бергиле деген суранычыбыз орундалган жок.

Авторлору: «Клооптун» жана OCCRPнин журналисттери

Которгондор: Алмир Алмамбетов, Бегайым Талантбекова

Материалды даярдоого Bellingcat көмөк көрсөттү