Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттай берет — Улуттук банк

Кыргызстандын Улуттук банкы 24-февралда дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баалар өсүп жатканын билдирди. Банк Кыргызстанда дагы жакынкы аралыкта баалар көтөрүлөт деп божомолдоп жатат.

Улуттук банктан эл аралык соодада көлөм төмөндөп жатканын, ошол эле учурда дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда бирдей эмес жагдай сакталып турат деп түшүндүрдү.

Мунун баары дүйнөлүк рыноктогу баалардын өсүшүнө, андан соң Кыргызстанда дагы тамак-аштын кымбатташына алып келүүдө.

«Соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын акырындап калыбына келиши күтүлүүдө, бул республикада экономикалык жигердүүлүктүн жогорулашына өбөлгө түзөт. Ошентсе да, дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өсүшү Кыргызстанда керектөө бааларынын жакынкы мезгил аралыгында жогорулашынын сакталып турушун шарттайт», — деп билдиришти Улуттук банктан.

Улуттук банктын маалыматына таянсак, 2021-жылдын 12-февралына карата жылдык инфляция 10,2 пайызды түзгөн. Айкын инфляция көрсөткүчү негизинен азык-түлүк товарлар тобундагы, айрыкча, өлкөгө импорттолуучу товарлардын бааларынын өсүшүнүн эсебинен калыптанган.

«Алкоголдук жана тамеки продукцияларына акцизди план боюнча жогорулатуу өтүп жаткан жыл ичиндеги баалардын жалпы деңгээлине кошумча салымын кошот», — деп түшүндүрүштү Улуттук банктан.

Банктын божомолуна караганда, ички жана тышкы факторлорду эске алганда, жылдын ортосуна карата инфляция турукташат. Ал эми жылдын аягына карата бир сандык чектерде болот деп күтүлүүдө.

Азык-түлүктүн кымбатташы

Азык түлүккө болгон баалардын жогорулашы тууралуу Улуттук статистика комитети бир нече айдан бери айтып келет. Адистер 22-февралда 2021-жылдын январь айында 2020-жылдын январына салыштырмалуу тамак-ашка болгон баалар орточо 18,5 %га кымбаттаганын билдиришкен.

Азыктардын ичинен көбүнесе өсүмдүк майы (54,6%), картошка (46,3%), жумуртка (35,4%, кумшекер (33,1%) жана эт (27,5%) кымбаттаган.

Андан тышкары, Улуттук статком кыргызстандыктардын 2020-жылдын сентябрь-январь айларына карата реалдуу кирешеси 5%га төмөндөгөнүн айткан. Реалдуу кирешенин төмөндөшү — бул азык-түлүк жана башка товарлардын баасынын кымбатташынын кесепети.

Тамак аштын бааларынын жогорулашы тууралуу маселе талкууланганына көп болду, бирок өкмөт абалды жакшыртуу үчүн олуттуу кадамдарга бара элек. Жарандарды колдоонун бир ыкмасы ар жекшемби күнү өлкө боюнча өтүп жаткан жарменкелер. Мындай жарманкелерде баалар базарлар менен супермарткеттерге салыштырмалуу арзан.

Кыргызстандагы экономикалык кризис

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталып, 2020-жылдын март айында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тартып өлкөнүн экономикасы кризиске сүңгүгөн.

2020-жылдын октябрында башталган саясий кризистен улам экономикалык абал дагы начаралаган. Ошондо бир эле учурда бир нече өлкө жана эл аралык финансы институттары экономиканы колдоого жана COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган донорлук жардамдарын токтоткон.

Ошол эле мезгилде, октябрь айынан бери доллар жана евронун куну жогорулаганы байкалууда. Улуттук банк анын кесепеттерин жоюу үчүн валюталык интервенцияны колдонууда. Октябрда сомдун кунун кармап туруу үчүн бир күн ичинде рекорддук 42,4 млн сатылган.

Жыйынтыгында, 2020-жылы бюджеттин тартыштыгы 29,8 млрд сомду түзгөн, ал эми бюджеттин 2021-жылга карата тартыштыгы 7 млрд сом болору пландалууда.

Дагы окуңуз: Жумуртка жана уйдун боору — Статком кайсыл азыктар барынан тез кымбаттап жатканын айтты

«Актануудан ишке өтүү керек». Марипов азык-түлүк баасы өсүп жатканы үчүн өкмөттү сынга алды