«Актануудан ишке өтүү керек». Марипов азык-түлүк баасы өсүп жатканы үчүн өкмөттү сынга алды

Өкмөт башчысы Улукбек Марипов өкмөттүн басма сөз жыйынында бардык тийиштүү ведомстволордун милдети жарандарды азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен тийиштүү көлөмдө жана жеткиликтүү баада камсыздоо болуп саналарын айтты.

«Бүгүнкү күндө активдүү талкууланып жаткан темалардын бири – бул азык-түлүктүн негизги түрүнө карата баалардын өсүүсү болууда. Буга байланыштуу көптөгөн жарандар тигил, же бул азык-түлүктөрдү алуудан баш тартууга аргасыз болууда», — деп билдирди ал.

Ал өкмөттөн баалардын өсүшү көп талкууланганын, кандайдыр бир чечимдер кабыл алынганын, бирок эч нерсе өзгөрбөй жатканын эскертти.

«Бирок абал татаал бойдон калууда, күн сайын этке, өсүмдүк майына, жумурткага жана башка товарларга карата баалар өсүүдө. COVID-19 пандемиясы өз таасирин тийгизип жаткандыгы түшүнүктүү, бирок актануудан ишке өтүү керек. Комплекстүү чечимдерди, превентивдүү чараларды, кабыл алып, баалардын өсүшүнө ыйчам жана натыйжалуу жооп кайтаруу зарыл», — деп айтты Улукбек Марипов.


Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы төрт айда өсүмдүк майы 33 сомго кымбаттаган, бүгүнкү күндө чекене баа боюнча майдын 1 литри 134 сом турат. Бир кг эттин баасы орточо алганда 435 сомго дейре жогорулап, бул 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 124 сомго жогору дегенди билдирет.


Марипов Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги азык-түлүккө болгон бааларды жөнгө салбай жатканы үчүн ведомствону сынга алды.

«Ведомствонун аталышы айтып тургандай, сиздер социалдык маанилүү товарларга карата бааларды кармоо маселесинде олуттуу ролду аткарышыңыздар керек. Иш жүзүндө сиздер мониторинг жана фактыларды тизмектөө менен гана чектелип жатасыздар. Агенттиктин жетекчилиги рыноктогу жана дүкөндөгү реалдуу абал кандай экендигин билбейт. Ыңгайлуу орундукта отуруп, буйрук бергенге гана көнүшкөн. Бул тажрыйбаны токтотуу керек. Мен өзүм кээде базарларга барып, тамак-аш азыктарына карата бааларга көз салып турам жана жарандардын нааразычылыгын жакшы түшүнөм», — деп айтты өкмөт башчы.

Марипов калкты атамекендик продукция менен камсыздаш үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүн ай доонун аянттарын кеңейтүү зарыл деп эсептейт.

Ал кант кызылчасын себүү аянты кыйла кыскарып кеткени үчүн кант өндүрүү көлөмү да кыскарган деп билдирди.

«Биз күнкарама жана жүгөрүнү өстүрүүнү унутта калтырдык. Аталган өсүмдүктөрдү өстүрүү менен катар биз азыр импорттоп жаткан өсүмдүк майын өндүрүү көлөмүн жогорулата алабыз. Буга байланыштуу ага карата баалар да өсүүдө», — деди Марипов.

Өкмөт башчысы айыл чарба министрлигине биринчи муктаждыктагы азык-түлүктөргө карата бааны жөнгө салуу үчүн ири жеткирүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүүнү тапшырды. Анын айтымында, Бишкек жана Ош шаарларынын жана республиканын башка ири шаарларынын мэриялары тамак-аш азыктарына карата фиксацияланган баалар коюлган ар жумалык айыл чарба жарманкесин өткөрүп турушу керек.

Мурдарак Марипов фейсбук барагында борбор калаанын базарларын кыдырып, азык-түлүккө болгон баа кымбаттаганын байкаганын айткан. Анын айтымында, кадимки өсүмдүк майынан баасы 163%га өскөн.

Азык-түлүк баасы өскөнүн Улуттук статистикалык комитети 2020-жылдын ноябрь айында эле айтып чыккан эле. Анда комитеттегилер 2020-жыл башталгандан бери азык-түлүктөрдүн арасынан көбүнчө кумшекер, өсүмдүк майы жана мөмө-жемиш кымбаттаганын кабарлашкан.


Мындан тышкары, Улуттук статистикалык комитети кыргызстандыктардын 2020-жылдын январь-сентябрь убакыт аралыгына карата кирешелери 5%га төмөндөгөнүн билдирди. Чыныгы кирешелердин төмөндөшү — бул азык-түлүк жана башка товарларга болгон баанын өсүшүнүн кесепети.


Кыргызстандагы экономикалык кризис

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталып, 2020-жылдын март айында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден тартып өлкөнүн экономикасы кризиске сүңгүгөн.

2020-жылдын октябрында башталган саясий кризистен улам экономикалык абал дагы начаралаган. Ошондо бир эле учурда бир нече өлкө жана эл аралык финансы институттары экономиканы колдоого жана COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган донорлук жардамдарын токтоткон.

Ошол эле мезгилде, октябрь айынан бери доллар жана евронун куну жогорулаганы байкалууда. Улуттук банк анын кеспеттерин жоюу үчүн валюталык интервенцияны колдонууда. Октябрда сомдун кунун кармап туруу үчүн бир күн ичинде рекорддук 42,4 млн сатылган.

Жыйынтыгында, 2020-жылы бюджеттин тартыштыгы 29,8 млрд сомду түзгөн, ал эми бюджеттин 2021-жылга карата тартыштыгы 7 млрд сом болору пландалууда.