Президент Садыр Жапаров Москвага болгон сапарында «Российская газета» басылмасына маек куруп, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки революциянын мүмкүндүү себептерин айтып берди.
«Российская газетага» курган маегинде Жапаров 2020-жылы октябрда болуп өткөн окуяларга «сырткы күчтөр» таасир этиши мүмкүн экенин билдирген.
«Бирок тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрайт. Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган, ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган», — деп айткан Жапаров.
Өлкө башчысы революциянын себептери көп экенин, эгерде революциялар болуп жатса, анда «коом демократиялык өзгөрүүлөргө муктаж экендигинин белгиси» деп кошумчалады.
Жапаров буга чейин да Орусиянын ЖМКларына интервью берген. Мисалы, Жапаров «Коммерсантъ» басылмасына курган маегинде кыргызстандыктардын колдоосуна татып, абакта жатканда көп тарапташ таба алганын айтып берген.
Анда Жапаров карапайым эл менен түз байланышып турганын айткан. «Одноклассники», Facebook жана Instagram социалдык тармактарында тайпаларды ачкан.
«WhatsAppта адамдардын контактыларын чогултуп, ал жерде 50дөн ашык тайпа ачтым — бир тайпа 256 адамды батыра алат. Бул тайпалар аркылуу Кумтөр, өз ишим тууралуу маалыматтарды жайылттым. Ошентип үч жарым жылда бүткүл элге жете алдым», — деп билдирген Жапаров.
Дагы окуңуз: «Революцияны түрмөдөн жасадым». Жапаров «Коммерсантка» эмне тууралуу айтып берди?
Кыргызстандагы саясий кризис
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 15-октябрында президенттиктен кеткен. Бул 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган саясий кризистен улам болгон.
4-октябрда БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялагандан кийин, 5-октябрда жарандар борбордук «Ала-Тоо» аянтына митингге чыгып, нааразылыгын билдиришкен.
БШК жарыялаган жыйынтык боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ошол учурдагы бийликке тиешелүү делген партиялар өтүп аткан. Алар — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары.
Ошол эле түнү митингчилер менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, жыйынтыгында Ак үй басылып алынган. Башаламандыктар учурунда митингчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана экс-депутат Садыр Жапаровду абактан бошоткон.
Көп өтпөй Жапаро өзүн премьер-министр жарыялаган, ал эми бир катар депутаттар аны эки жолу премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып шайлашкан. Бирок бул чечимге активисттер жана башка депутаттар каршы чыгып, Жапаровдун дайындалышы легитимсиз деп билдиришкен.
10-октябрда алтынчы чакырылыштын депутаттары Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындоо легитимдүү болушу үчүн кворум чогултуп, аны бул кызматка бекитишкен.
Жапаров премьерлик кызматка киришкенден кийин президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кыларын айткан.
16-октябрда Жапаров президенттин м.а. болгон. Анткени парламент спикери Канат Исаев бул ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан. Андан соң Жапаров башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум жана кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелеген. Бул шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке жетишкен, ал эми шайлоочулардын көпчүлүгү президенттик башкаруу формасын тандаган.