Билим берүү министрлиги ЖРТ качан жана кандайча өтөрүн айтып берди

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) үстүбүздөгү жылдын 17-майынан 23-майына чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев 2-мартта «Кабар» агенттигиндеги басма сөз жыйында билдирди.

Аткаминер жыйында бул жылы ЖРТ кандай өтөрүн, ага катталуу үчүн мектеп окуучуларына кандай документтер керектелери тууралуу айтып берди.

ЖРТнын мөөнөтү жана баасы

Үсөналиевдин айтымында, ЖРТга катталуу онлайн режиминде өтүүдө — каттоо www.testing.kg сайтында 26-февралда башталып, 9-апрелге чейин уланат. Каттоо төгүмү негизги жана ар бир предметтик тест үчүн 370 сомду түзөт.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ЦООМО) директору Чынара Батракееванын айтымында, быйыл мектепти бүтүрүп жаткан окуучуларды каттоо окуп жаткан жери боюнча, ал эми мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү жашаган жери боюнча шаарларда же райондо өткөрүлүүдө.

ЖРТга катталуу үчүн эмне керектелет?

Батракееванын айтымында, абитуриенттер бир катар документтерди даярдашы керек болот:

  • паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы;
  • ЖРТга катталуу төгүмүн төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк;
  • орто билим жөнүндөгү аттестаттын түп нускасы (өткөн жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
  • окуучу мектепте окуп жаткандыгы тууралуу маалымкат (сүрөт менен);
  • документтердин түп нускаларынын сүрөттөрү;
  • жүзүнүн электрондук сүрөтү.

ЦООМОнун аналитиги Инна Валькова сүрөт документтерге коюлган талаптарга жооп бергендей болушу керек экенин түшүндүрдү: жогорку сапатта, көлөкөлөрсүз, ак фондо, жакшы жарык түшкөн, баш кийимсиз болушу керек. Хиджабга гана уруксат берилет, бирок ошондо да абитуриенттин чекеси менен ээги ачык болушу шарт.

«Эгер сүрөттүн сапаты начар, күңүрт, ачык эмес болсо, биз идентификация үчүн кошумча чараларды көрүүгө мажбур болобуз», — деп кошумчалады Валькова.

Ошондой эле, ал бүтүрүүчүлөр бардык документтердин электрондук версияларын алып жүрүшү керектигин белгиледи. Мындан тышкары, 16 жашка толгон бүтүрүүчүлөрдүн бардыгы паспортту көрсөтүүгө милдеттүү.

«Эгер жашы 16га жете элек болсо, анда алар мектептен бул окуу жайда окуп жаткандыгы тууралуу маалымкатты жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн сүрөттү тиркеши керек», — деп белгиледи Валькава.

Абитуриенттерге жогорку окуу жайына тапшырганга чейин эмнелерди өзгөртүүгө болбойт?

Батракеева 2021-жылы абитуриенттер жогорку окуу жайына тапшырганга чейин телефон номерин өзгөртпөшү керек деп айтты.

Анын айтымында, мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖРТга катталып жатканда алардын телефон номери логин катары колдонулат. Алар жеке кабинетке кирүү үчүн сырсөздү документтерди тапшыргандан кийин алат.

Абитуриенттер каттоодон кийин талон алышат, аны жанына алып алып, тестирлөөнүн өзүнө келиш керек.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2020-2021-жылдагы окуу жылында 58,3 миң мектеп бүтүрүүчү катталган.

2019-2020-жылдагы окуу жылында Жалпы республикалык тестирлөө жылдагыга караганда коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин жарыялангандыктан кечирээк, июнь айында өткөрүлгөн. Ал эми жогорку окуу жайларга тапшыруу кампаниясы атайын платформанын жардамы менен онлайн режимде жүргүзүлгөн.