Өлкөнүн ЖОЖдору абитуриенттерди быйыл онлайн кабыл алат — Билим берүү министрлиги

Билим берүү министрлиги быйыл университеттер абитуриенттердин бардыгын атайын платформанын жардамы менен онлайн кабыл алаарын билдирди.

8-июнда өткөн брифингде билим берүү министринин орун басары Нурлан Омуров билдиргендей, бардык абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөдө алган баллдары жазылган таллондорун онлайн катташат.

Билим берүү министрлиги жакын арада ишке кире турган атайын платформаны иштеп чыкты.

«Бул жылы коронавирус эпидемиясына байланыштуу окуу жайларга кабыл алуу форматы онлайнт платформаны колдонуу менен аралыктан өтөт. Ал үчүн Билим берүү министрлиги ЖОЖго онлайн тапшыруу үчүн система иштеп чыкты», — деди Омуров.

Ошол эле учурда Жалпы республикалык тестирлөө кадимки форматта өтөт. Бул үчүн өлкө боюнча мектеп окуучуларынан тест алууга 166 борбор даярдалган. Ал жактарда бардык санитардык талаптар сакталат жана медпункттар уюштурулуп, медкызматкерлердин кезметчилиги дайындалат.

ЖОЖго кабыл алуу үч тур менен ишке ашырылат:

  • биринчи тур — 20-22-июль;
  • экинчи тур — 27-29-июль;
  • үчүнчү тур — 3-5-август.

Каттоодон өтпөй калгандар үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт. Ал атайын уюштурулган тест тапшыруу борборлорунда өтөт.

ЖРТга каттоо 15-майда аяктап, андан 41 727 абитуриент өткөн.