Жапаров адилетсиз соттор мамлекеттин беделине шек келтирип жатканын айтты

Сот системасынын кызматкерлеринин күнүндө Садыр Жапаров судьялар корпусуна кайрылып, компетенттүү эмес судьяларды сындады.

«Соттун калыстыгына, ишбилгилигине, адилеттүүлүгүнө көлөкө түшүрө турган аракеттерди жасоо, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормаларын бузуу жана башка ушундай терс көрүнүштөр жеке судьянын гана аброюна шек келтирбестен, жалпы мамлекеттин беделине дагы шек келтирет», — деп белгиледи президент.

Президент Кыргызстандын сот системасынын аброю мурда болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге түшүп кеткенин, сот системасы бийликтин башка бутактарынан көз карандысыз болушу керектигин билдирди.

«Эч кимге сыр эмес, буга биринчиден судьялар өздөрү күнөөлүү», — деп эсептейт президент. Ал эгер элдин үмүтү менен ишеничи акталбаса, көптөн бери чогулуп келген көйгөйлөр чечилбесе «тарых бизди кечирбейт» деп кошумчалады.

Мындан кийин, президент жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин сот системасында чоң реформалар башталарына токтолду.

Жаңы Конституцияда сот системасы жөнүндө эмне деп айтылат?

Констутициянын жаңы долбоорунда сот системасы жана Конституциялык сот толугу менен президенттин көзөмөлүндө болот. Сот бийлигинде президентте төмөнкү ыйгарым укуктар болот:

  • Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасынын негизинде Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт;
  • Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;
  • Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңешинин сунушу менен жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт жана бошотот;
  • Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын жана алардын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

Сунушталып жаткан версия боюнча, сот системасы Конституциялык соттон [учурдагы редакциядагы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын ордуна], Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат.

Судьялардын катарына кошулуу оор болот: ал үчүн талапкердин жашы жогору, анын ичинде юридикалык тажрыйбасы көп болушу керек. Маселен, азыркы учурда Сотторду тандоо кеңешин атайын комиссия шайлап, аны президент жактырат. Жаңы редакцияга ылайык, Сотторду тандоо кеңешинин курамын парламент жана президент аныктайт.

Ага Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңеш дагы таасир эте алат. Анын курамынын үчтөн экиси судьялардан, үчтөн бири Элдик Курултайдын өкүлдөрүнөн, юридикалык коомчулуктан, президент жана парламенттен турат. Ага так канча адам кирери такталган эмес, каржылоо булактары да белгилүү эмес — муну тиешелүү конституциялык мыйзам чечет.

Парламент түзгөн Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңеш жергиликтүү соттордун кызматына талапкерлерди тандап, президентке сунуштайт. Конституциянын учурдагы версиясында жок болгон дагы бир жаңы орган пайда болду — ал Конституциялык сот. Анын чечимдерине даттанууга жатпайт. Ал:

  • Конституцияны расмий чечмелеп берет;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Конституцияга ылайык келүүсү тууралуу иштерди чечет;
  • Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;
  • мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенция тууралуу талаштарды чечет;
  • Конституцияны өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берет;
  • Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндө корутунду берет.

Президент өкмөттү да башкарат, депутаттар азаят, цензура болушу мүмкүн — Конституциянын жаңы долбоору