Президент өкмөттү да башкарат, депутаттар азаят, цензура болушу мүмкүн — Конституциянын жаңы долбоору

Конституциянын жаңы долбоору 9-февралда коомдук талкууга коюлду.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Акылбек Жапаров Конституциянын жаңы долбоору Конституциялык кеңешменин алкагында өткөндүктөн коомдук талкууга чыгарылбасын билдирген. Ал тургай документ көптөн бери парламент депутаттарына дагы берилбей келген.

Ал эми мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында демилге «калктын кеңири катмарынын пикирин эске алып» көтөрүлгөн деп белгиленген.

«2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табууга жана өлкө жетекчилигинин алмашуусуна, элдин талабы боюнча бийлик түзүмдөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана өлкөнү өнүктүрүү багыттарын иштеп чыгууда калктын кеңири катмарынын пикирин эсепке алууга алып келди», — деп жазылган документте.

Демилгечилер конституциялык реформанын зарылчылыгына учурдагы Конституциянын жоболорунда орун алган карама-каршылыктар жана боштуктар себеп дешүүдө. Андай көйгөй катары алар «башкаруу системасынын натыйжасыздыгын жана анын жоопкерчилик механиизмдеринин жоктугун» белгилешүүдө.

«Көрсөтүлгөн жагдайлар экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө реалдуу жылыштарды камсыз кыла алган жок, бул коом жана Кыргызстандын жарандары тарабынан негиздүү сын-пикирди жаратты», — деп жазылган негиздеме-маалымкатта.

Негиздеме-маалымкатта өлкө президентин тактан кулатуу прецедентине байланышкан маанилүү жагдай баса белгиленген.

«2020-жылдагы октябрь окуяларынын сабактарын эске алуу менен Президент Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда анын ыйгарым укуктарын жаңы президент дайындалганга чейин өкмөт башчысы аткарат», — деп айтылат документте.

Алдыга озунуп, Конституциянын жаңы вариантына ылайык, президент өкмөттү жетектей турганын, башкача айтканда өкмөт башчы дагы болорун айта кетели.

Бул Садыр Жапаров референдум өткөрүүнү демилгелеген Конституциянын экинчи долбоору. Буга чейинкиси дароо эле калк арасында «Ханституция» деген аталышка ээ болгон: документ жарыялангандан кийин президенттин бийлиги бир кыйла кеңейтилгени белгилүү болуп ал юристтер менен коомчулуктун кескин сынына кабылган.

Парламенттин басма сөз кызматы жарандар Конституциянын жаңы редакциясына байланышкан сунуш-пикирлерин 9-мартка чейин жөнөтсө болорун белгиледи.

Ушул версиянын мазмуну кандай, кайсыл беренелерге даттануу керектигин баяндап беребиз.

Башкы өзгөрүүлөр

Жаңы орган киргизүү сунушталды — Элдик Курултай, ал коомдун өнүгүүсүнүн багыттары боюнча сунуш берген, «кенешүүчү, байкоочу жыйын» болуп эсептелинет.

Президенттин ролу кыйла кеңейип, ыйгарымдары күчөтүлгөн. Долбоордо президент өлкөнүн аткаруу бийлигин жетектеп, «элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин сактайт» деп жазылган.

Мыйзам чыгаруу бийлигинин мүмкүнчүлүктөрү менен функцияларын дагы өзгөртүү сунушталууда — парламенттин ыйгарымдары кыскартылат.

Жаңы долбоор мыйзам долбоорлорун демилгелөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтти. Эми мыйзам чыгаруу демилгесин сунуштоо укугу төмөнкүлөргө таандык:

  • 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);
  • президентке;
  • Жогорку Кеңештин депутаттарына;
  • министрлер кабинетинин төрагасына;
  • Жогорку сотко (өзүнүн тиешелүү маселелери боюнча);
  • Элдик Курултайга;
  • Башкы прокурорго (өзүнүн тиешелүү маселелери боюнча).

Жарандардын укуктары, эркиндиги жана милдеттери жөнүндө көптөгөн ченемдерге биринчи караганда көзгө деле илинбеген өзгөртүүлөр же чечмелөөлөргө кыскартуулар киргизилген. Ошол эле учурда Башкы мыйзамдын жаңы долбоорунун тексти көп жерде «салт», «адеп-ахлак» жана «руханий байлык» деген түшүнүктөргө таянат.

Конституциянын ЖМКларга тиешелүү беренесинде «адеп-ахлактык баалуулуктарга, аӊ-сезимге карама-каршы келген» иш-чараларды, маалыматты алууну жана жайылтууну чектөө сунушталууда. Бул «өсүп келе жаткан муунду коргоо» максаты менен түшүндүрүлөт.

Преамбула

Конституцияны өзгөртүү биринчи бөлүмдүн алдындагы преамбуладан башталды. Эми Кыргызстандын эли Конституцияны «ата-бабалардын нарк-салтын» гана эмес «Айкөл Манастын осуяттарына» таянып кабыл алат.

Ошол эле Конституциянын жаңы долбоорунда жарандар «адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулуктар болуп саналган эркин жана көз карандысыз демократиялык мамлекетти курууга» далаалат кылат деген пункт алынган.

Анын ордуна «мекен алдында, азыркы жана келечектеги муундардын алдында жоопкерчилик» жана «чыныгы элдик бийликти орнотуу» тууралуу пункттар кошулду.

Конституциялык түзүлүш

Конституциялык түзүлүш саясий, социалдык-экономикалык жана руханий-маданий негиздерге бөлүнгөн.

Жаңы долбоордо Кыргызстандын элинин атынан президент жана Жогорку Кеңеш гана сүйлөөгө укуктуу деп жазылган.

Ошондой эле, жарандар конституциялык түзүлүштүн негиздерин өз алдынча аныктоого суверендүү укукка ээ болот, ал эми мыйзамда тыюу салынган каржы, административдик жана башка ресурстарды пайдалануу менен шайлоочулардын шайлоо эркиндигине таасир этүүгө тыюу салынат.

Ал эми мамлекеттик бюджет жөнүндөгү беренедеги республикалык, жергиликтүү бюджетти түзүүнүн, кабыл алуунун, аткаруунун жана алардын аткарылышына аудит жүргүзүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат деген пункт алынып салынган.

«Республикалык бюджет мыйзам менен кабыл алынат, жергиликтүү бюджеттер — тиешелүү өкүлчүлүк органдардын чечими менен кабыл алынат», — жаңы редакцияда бул жобону дагы кездештире албайбыз.

Мамлекеттик бийлик негизделген принциптерге «мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарга коррупцияга шарттарды түзгөн аракеттерге (аракетсиздиктерге)» тыюу салуу тууралуу пункт кошулду.

Өлкөдө саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук таанылат деген пункт алынган. Эми саясий партиялар, кесиптик кошуундар жана башка коомдук бирикмелер «өзүнүн финансылык жана чарбалык ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылат».

Мындан сырткары соттун чечими менен мүлктү коомдук гана эмес, мамлекеттик муктаждыктар үчүн дагы алып койсо болот. Бирок, «чыгымдардын ордун адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу аркылуу толтуруп берүү» ошол бойдон калган.

Жер чет өлкөлүк жарандардын жана чет өлкөлүктөр катышкан юридикалык жактардын жеке менчигинде боло албастыгы атайын бөлүмдө жазылган.

ЖМК цензурасы жана балдардын руханий өнүгүүсү

ЖМКга мамлекеттик органдардан маалымат алуу, аларды жайылтуу, андан тышкары эркин пикир билдирүү укугу кепилденет. Ошол эле учурда өлкөдө маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголот деп белгиленет. «Маалыматтык коопсуздук» деген термин чечмеленген эмес.

Конституциянын жаңы редакциясынын ушул эле 10-беренесине дагы эки таптакыр эле жаңы пункт кошулган.«Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элине таанылган адеп-ахлактык баалуулуктарына, аӊ-сезимине карама-каршы келген иш-аракеттер мыйзам менен чектелет. Маалыматты алууга жана жайылтууга чектөө коюлуучу иш-чаралардын жана чектөөлөрдүн тизмеси мыйзам тарабынан белгиленет», — дешет алар.

Конституциянын жаңы долбоорунда балдар өлкөнүн эң баалуу байлыгы деп таанылат жана мамлекет «балдардын ар тараптуу, руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана физикалык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүп, аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт».

Укук жана милдеттер

Конституциянын жаңы долбоорунун укук жана эркиндик тууралуу бөлүмүндө учурда колдонулуп жаткан баш мыйзамдагыдай эле төмөнкү пункт сакталган: «Конституцияда каралган тыюу салуулар боюнча белгиленген кепилдиктерге эч кандай чектөө коюлбайт».

Бирок андан кийин бул так кайсыл тыюу салуулар боюнча кепилдиктер экени тизмектелиши керек. Конституциянын учурда колдонуудагы редакциясында бул берене мындайча көрүнөт:

Ал эми жаңы редакцияда бул пункттардын бири дагы көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда бул тыюу салуулар боюнча кепилдиктердин бардыгы Конституциянын текстинде сакталган. Бирок кайрадан чечмеленип башка беренелерде бөлүштүрүлгөн. Ал эми «өзүнүн кайсы этноско таандык экенин аныктап көрсөтүүгө мажбурлоо» пункту таптакыр алынып салынган.

Жаңы долбоорго ылайык, дискриминацияга жол берген жарандардын жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат. Ошондой эле, ар бир адам зарыл болгон коргонуу чегинде өзүнүн өмүрүн жана ден соолугун, башка адамдардын өмүрүн жана ден соолугун укукка каршы кол салуудан коргоого укуктуу.

Балага кам көрүү, аны тарбиялоо – атасынын да, энесинин да милдети жана жарандык парзы. Эмгекке жарамдуу, жашы жетилген балдары ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү — «атаны, энени урматтоо жана кам көрүү – балдардын ыйык милдети», ал эми «улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо – элдин ыйык салты».

Жаңы долбоорго ылайык, жарандар Кыргызстанга «тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу». Ошол эле учурда «чыгуу укугун чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет».

Кыргыз Республикасында жаштарга руханий-маданий адеп-ахлактык жана физикалык жактан өсүп-өнүгүү укугу кепилденет. Мамлекет жаштардын билим алуусуна жана жумуш менен камсыздалышына зарыл болгон шарттарды түзүүгө, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого, жаштардын саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана башка чөйрөлөргө эркин катышуусуна багытталган жаштар саясатынын жүргүзүлүшүн камсыз кылат.

Мындан тышкары, жаңы редакцияга ылайык, эми мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарт түзөт.

Эми Кыргызстандын жарандыгын өлкөнүн аймагында жашап жаткан кыргыздар гана эмес, чет өлкөлүк жарандар же мурда Кыргызстандын жарандыгында турган жарандыгы жок адамдар ала алат.

Мындан тышкары, буга «Кыргызстандын элине таандык экендигин далилдеген» ар бир адам укуктуу. Бирок бул эмнени түшүндүрөрү анчейин түшүнүктүү эмес, анткени Конституциянын ушул эле версиясында жогоруда Кыргызстандын элин бардык этностордун жарандары түзөт деп белгиленген.

Ар бир адам коомдук жүрүш-туруштун эрежелерин жана ченемдерин сактоого, коомдун кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү экени өзүнчө жазылган.

Билип туруп атайын мыйзамсыз жана негизсиз кармап же камакка алуу аныкталган учурда кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылат деген пункт кошулду.

Кармалган ар бир адамга эч кечиктирилбестен кармалышынын себептери жөнүндө билдирилиши жана укуктары түшүндүрүлүп берилиши керектиги тууралуу жобо сакталган, бирок андан «медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу» деген жер алынган.

Жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Геноцид жана экоцид кылмыштарына эскирүү мөөнөтүн колдонууга жол берилбейт деген пункт алынып салынган.

Тарыхый-маданий мурас эстеликтери, архитектуралык, археологиялык объектилер жана табылгалар мамлекеттин менчиги болуп саналып, алар мыйзам менен өзгөчө коргоого алынат.

Жер жана жаратылыш байлыктары Кыргыз Республикасынын элинин жашоосу менен иш аракеттеринин негизи катары бирдиктүү экологиялык системаны сактоо жана туруктуу өнүгүү максатында пайдаланылат жана мамлекеттин көзөмөлүндө, өзгөчө коргоосунда турат.

Мындан ары мамлекет ар кандай экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарт түзөт жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргойт.

Анын өнүгүү багыттары улуттук программаларда чагылдырылат.

Мындан тышкары, мамлекет инвестицияларды жана инвестициялык ишмердиктин субъектилерин мыйзамда аныкталган тартипте коргоого кепилдик берет.

Ар бир адам ден соолугун коргоого гана эмес, медициналык камсыздандырууга укуктуу. Мамлекет медициналык мекемелердин кызматкерлери үчүн зарыл шарттарды түзөт жана аларды социалдык жактан коргоону камсыз кылат. Мамлекет медициналык мекемелердин кызматкерлери үчүн зарыл шарттарды түзөт жана аларды социалдык жактан коргоону камсыз кылат

Президент — бийликтин жүзү, ал эми башкы прокурор, Элдик курултай жана министрлер кабинетинин төрагасы — мыйзам долбоорлорунун демилгечилери

Республикадагы бийлик бутактарынын ыйгарымдары тууралуу бөлүмөр да өзгөртүлгөн.

Баш мыйзамдын учурдагы версиясындагы алты бөлүмдө президенттин, мыйзам чыгаруучу бийлик катары Жогорку Кеңештин, аткаруучу бийлик катары өкмөттүн, сот бийлигинин, башка мамлекеттик органдардын (прокуратура, Улуттук банк, Эсеп палатасы, БШК, акыйкатчы), жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктары жана милдеттери, ошондой эле Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн тартиби жазылган.

Конституциянын жаңы версиясы мунун баарын үч бөлүмгө батырган — «Мамлекеттик бийлик органдары», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Конституцияны кабыл алуунун, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби». Бирок алардын көлөмү азайган эмес, ал эми мазмуну кызыктуу пунукттар менен толукталган. Төмөндө алардын негизгилери белгиленди.

Президент Башкы прокуратура менен Конституциялык соттун «коргоосунда»

Колдонуудагы Конституцияда президент «мамлекет башчысы» болуп саналат жана «элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат» деп белгиленген. Президент бир мөөнөткө, алты жылга шайланат.

Ошол эле учурда бийлик президент, премьер-министр жана парламенттин ортосунда бөлүштүрүлөт, ал жаңы мыйзамдардын демилгеленишине таасир эте албайт жана Конституциядагы бир катар жоболорду алмаштыра албайт.

Учурдагы Конституция боюнча, президент кызматынан кеткенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартса болот. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен ушундай болгон — ал кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыратылган.

Президент иштеп жаткан учурда кызматынан ажыратылышы мүмкүн. Бирок ал үчүн президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө башкы прокурордун корутундусу менен бышыкталган кылмыш жасагандыгы жөнүндө Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган айып, парламенттин атайын комиссиясынын корутундусу гана негиз боло алат.

Ошол эле учурда, айыптоолорду депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттардын көбү колдоп бериши керек.

Баш мыйзамдын сунушталып жаткан версиясында президент «мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана аткаруу бийлигин жетектейт». Ал дээрлик бардык тармактарды тескеп калат — долбоор Конституциялык кеңешмеге берилгенде эле юристтер коңгуроо каккан.

Коомдук талкууга коюлган Конституциянын долбоору боюнча, президент:

  • министрлер кабинетинин түзүмүн жана курамын аныктайт, Жогорку Кеңештин макулдугу менен министрлер кабинетинин төрагасын [премьер-министрдин кызматын алмаштырган чектелүү мөөнөттүү кызмат, ал ошол эле президенттик администрациясынын башчысы], анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн дайындайт;
  • өзүнүн демилгеси, Жогорку Кенештин же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен, мыйзам чегинде министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотот;
  • аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын, мамлекеттик катчыны, балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындайт жана аларды кызматынан бошотот, президенттин администрациясын түзөт, Коопсуздук кеңешти түзөт жана жетектейт.

Мындан тышкары, ал өзүнүн демилгеси, же кеминде 300 миң шайлоочунун, же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен референдум (бул жерге Конституция боюнча дагы референдум дагы кирет) дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат, парламентке кадимки жана кезексиз шайлоону дайындайт, жергиликтүү кеңештерге шайлоону жана кезексиз шайлоолорду дайындап же аларды таркатат.

Президент элге, Жогорку Кеңешке, Элдик Курултайга өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жыл сайын кайрылуу жасай алат жана жыл сайын Жогорку Кеңешке «ишмердүүлүгү боюнча маалымат» берип турууга тийиш. Жогорку Кеңештин жана Элдик Курултайдын жыйналышында чыгып сүйлөөгө укуктуу жана мыйзам чыгаруу бийлигинде төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

  • Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизет;
  • мыйзамдарга кол коёт жана элге жарыялайт, мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;

Ошондой эле, президенттин көзөмөлүнө сот системасы жана 2000-жылдардан кайтарылган Конституциялык сот өтөт. Сот бийлигинде президентте төмөнкү ыйгарым укуктар болот:

  • Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасынын негизинде Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт;
  • Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;
  • Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңешинин сунушу менен жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт жана бошотот;
  • Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын жана алардын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

Башка мамлекеттик органдарда дагы президент жетекчилерди дайындоодо артыкчылыкка ээ болот. Конституциянын учурдагы версиясындагыдай эле, ал башкы прокурорду (парламенттин макулдугу менен) дайындай алат, аны (кеминде депутаттардын жарымы менен) кызматтан ала алат, ошондой эле башкы прокурордун сунушу менен анын орун басарларын бекитип жана кызматтан ала алат.

Президенттин Улуттук банктын башчысына талапкерди парламентке сунуштап, Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, Эсеп палатасынын төрагасын дайындайт жана Эсеп палатасынын үч мүчөсүнө талапкерлерди парламентке киргизе алат — бул беренелер өзгөртүүсүз калган.

Бирок эми президент БШКнын курамынын жарымына талапкерлерди парламентке көрсөтө алат. Учурдагы Конституция боюнча, өлкө башчы комиссиянын үч мүчөсүн гана дайындай алат.

Ал мындан тышкары, эч ким менен макулдашпастан Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилерин жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат. Ошондой эле, ал «учурдагы Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат».

Ушундай ыйгарым укуктарга ээ болгон президентти кылмыш жоопкерчилигине тартуу кыйыныраак болуп калат. Муну ал кызматынан баш тарткандан кийин кылса болот. Президентти Конституцияны жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот бийлик органдарынын ишмердигине мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн кызматынан алса болот.

Бирок эми акыркы чечим парламент жана башкы прокурордон эмес, Конституциялык соттон да көз каранды болот.

«Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айыптоо жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынып, Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко жиберилет», — деп айтылат жаңы долбоордо.

Парламентарийлердин айыптоолорун президенттин аракеттеринде кылмыштын белгилери бар деген башкы прокурордун корутундусу ырастаган учурда гана ал Конституциялык сотко жөнөтүлөт. Мындан кийин, эгер Конституциялык сот айыптоолорду коюу тартиби сакталган деп чечкенден кийин гана кызматтан алуу процедурасы башталат. Калганы боюнча ал 2016-жылдагы Конституциядан айырмаланбайт.

Мындан тышкары, кызматтан бошотулбаган мурдагы президенттердин бардыгында экс-президент макамы болот.

Депутаттардын саны азаят жана аларды өзгөчө оор кылмыштары үчүн жазага тартуу кыйындайт

Жогорку Кеңеш жаңы редакцияда мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу «жогорку өкүлчүлүктүү орган» бойдон калган. Депутаттардын саны кыскарат, 120 депутаттын ордуна 90 эл өкүлү шайланат. Фракция түшүнүгү калат, «парламенттик оппозиция» түшүнүгү сунушталган жаңы редакцияда түп-тамыры менен алынып салынган.

Конституциянын жаңы версиясына ылайык депутаттар дагы беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бирок кандай система аркылуу ишке ашары белгисиз: «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат» деп жазылган, чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү дагы ушул эле мыйзам менен жөнгө салынат.

Парламентке шайлоо күнү 25 жашка толгон жарандар келе алат — мурдагы редакцияда бул босого 21 жаш болчу. Эл өкүлдөрү «илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат».

Жаңы редакцияда жыйынга келбеген депутаттар менен аёосуз күрөш жүрөт: бир сессияда Жогорку Кеңештин жыйындарына «себепсиз 10 жумушчу күнү жок болгондо мандатынан ажырайт». Мурда бул мөөнөт 30 күндү түзчү.

А бирок депутаттар мыйзам тарабынан мурдагыдан дагы жакшы корголот. Алар мурдагыдай «депутаттык ишине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынбайт». Бирок жаңы версияга ылайык депутатты «жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жол берилет».

Депутатты кылмыш үстүндө кармалган учурда гана жазага тартууга мүмкүн. Колдонуудагы Конституциянын депутаттар өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда кесиптештеринин макулдугусуз жоопко тартылат деген пунктту эмнегедир жаңы редакциядан алып салышкан.

Парламент алек болуучу иштер дагы өзгөрүүгө дуушар болгон. Башкы мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык Жогорку Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

  • конституцияда белгиленген тартипте ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;
  • мыйзамдарды кабыл алат, мыйзамдарга расмий чечмелөө берет [расмий чечмелөө деген эмне экени долбоордо эмнегедир такталган эмес];
  • мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекетик чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди карайт;
  • министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет;
  • республикалык бюджетти бекитет, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө министрлер кабинетинин ар жылдык отчетун угат;
  • республиканын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин карайт [колдонулуп жаткан баш мыйзамда бул маселени парламент чеччү, эми болгону кароого алат];
  • мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат;
  • президенттик шайлоону дайындайт;
  • Конституцияда көрсөтүлгөн тартипте, президентке референдум өткөрүү боюнча сунуш киргизет.

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык парламент конституциялык мыйзамдын негизинде [азырынча жок, анда эмнелер жазылары белгисиз] Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитет. Бул орган президенттин сунуштамасы менен Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын Жогорку Кенештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен шайлайт. Конституцияда, конституциялык мыйзамда каралган учурларда, президенттин сунуштамасы менен аларды кызматтан бошотот.

Депутаттар президент Жогорку жана Конституциялык соттордун башчылыгына сунуштаган адамардын талапкерлигин дагы жактырышат. Талапкер беш жылга шайланышы үчүн жалпы эл өкүлдөрүнүн жарымынан көбүнөн добушу керектелет.

Президенттин сунуштамасы менен Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, «конституциялык мыйзамда каралган учурларда», алар бул органдардын башчыларын кызмат ордунан дагы бошотушу керек болот.

Сунушталган жаңычылдыктардын дагы бири парламент БШК мүчөлөрүнүн жарымын гана шайлай алат: экинчи жарымы бир гана президенттин сунуштамасы менен дайындалат. А бирок Жогорку Кеңеш мындан ары Эсеп палатасынын үчтөн экисин өзүнүн демилгеси менен жана бирөөсүн гана президенттин сунушу менен шайлай алат. Ошондой эле, парламент мурдагы версиядагыдай акыйкатчы, башкы прокурор жана башкалардын баяндамасы менен катар, БШКнын башчысынын докладын угат.

Мындан тышкары, парламент «Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган» «башка ыйгарым» укуктарга ээ. Ыйгарым укуктарды кабыл алуу жана төраганы шайлоо жолу мурдагы бойдон калып, ал «Жогорку Кеңештин президент, Элдик Курултай, мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, бийликтин сот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт» деген пункту кошулган.

Элдик Курултай — бул Конституциянын ушул версиясындагы жаңы пункт, ал «коомдук өкүлчүлүктүү жыйын» деп белгиленген. Ал «кеңешүүчү, байкоочу жыйын» болуп, коомдун өнүгүүсүнүн багыттары боюнча сунуштарын берет. Ал Конституция жана конституциялык мыйзамдар боюнча иштейт.

Элдик Курултай ошондой эле, өз мыйзам долбоорлорун да сунуштай алат. Ошентип, мыйзам долбоорлорун сунушоо укугуна ээ болгондордун саны көбөйөт. Буга чейин долбоорлорду 10 миң адам (элдик демилге), өкмөт же депутаттар гана сунуштай алган. Эми мындай укукту төмөнкүлөргө да берүү сунушталып жатат:

  • президентке;
  • министрлер кабинетинин төрагасына;
  • Элдик Курултайга;
  • Жогорку сотко жана башкы прокурорго (аларды киргизүү маселелери боюнча).

Президент менен министрлер кабинети сунуштагандардын баары кезексиз тартипте каралууга тийиш. Добуш берүү «эгер башкасы Конституцияда көрсөтүлбөсө» деген түзөтүү менен үч окууда көпчүлүккө жүктөлөт.

Бирок, учурдагы редакцияда парламенттин чечими «жыйналыштарда депутаттардын добуш берүүсү менен кабыл алынат жана токтомдор менен жол-жоболоштурулат». Ал эми сунушталып жаткан редакцияда алар «депутаттардын жеке өзүнүн добуш берүүсү менен кабыл алынат» деп айтылат: ишеним кат боюнча добуш берүүгө тыюу салынары белгисиз.

Мамлекеттик чек ара жөнүндөгү мыйзамдарга байланышкан дагы бир нюанс бар. Сунушталып жаткан версияда «конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араларын өзгөртүү тууралуу» мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окуудан кем эмес, жалпы ЖК депутаттарынын үчтөн экиден көбүрөк добушу менен гана кабыл алынат деп жазылган. Өзгөчө абал жана аскерий абал учурунда конституциялык мыйзам же мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдардарды кабыл алууга тыюу салуу жаңы редакцияда жазылган эмес.

Конституциялык сот жана Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңешти түзүү

Сунушталып жаткан версия боюнча, сот системасы Конституциялык соттон [учурдагы редакциядагы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын ордуна], Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат.

Судьялардын катарына кошулуу оор болот: ал үчүн талапкердин жашы жогору, анын ичинде юридикалык тажрыйбасы көп болушу керек. Маселен, азыркы учурда Сотторду тандоо кеңешин атайын комиссия шайлап, аны президент жактырат. Жаңы редакцияга ылайык, Сотторду тандоо кеңешинин курамын парламент жана президент аныктайт.

Ага Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңеш дагы таасир эте алат. Анын курамынын үчтөн экиси судьялардан, үчтөн бири Элдик Курултайдын өкүлдөрүнөн, юридикалык коомчулуктан, президент жана парламенттен турат. Ага так канча адам кирери такталган эмес, каржылоо булактары да белгилүү эмес — муну тиешелүү конституциялык мыйзам чечет.

Парламент түзгөн Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңеш жергиликтүү соттордун кызматына талапкерлерди тандап, президентке сунуштайт. Конституциянын учурдагы версиясында жок болгон дагы бир жаңы орган пайда болду — ал Конституциялык сот. Анын чечимдерине даттанууга жатпайт. Ал:

  • Конституцияны расмий чечмелеп берет;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Конституцияга ылайык келүүсү тууралуу иштерди чечет;
  • Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;
  • мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенция тууралуу талаштарды чечет;
  • Конституцияны өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берет;
  • Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндө корутунду берет.

Прокуратуранын жаңы жана түшүнүксүз функциялары

Конституциянын сунушталып жаткан версиясында прокуратура «мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт». Мындан тышкары, башкы прокурор органдын ишмердиги боюнча өз мыйзам долбоорлорун сунуштай алат.

Жаңы версия боюнча, прокуратура органдары «кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат, соттук териштирүүгө катышат, соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана конституциялык мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат».

«Башка ыйгарым укуктарга» эмне кирери түшүнүксүз. Бирок бул редакцияга бир топ маанилүү пункттар кирбей калганы анык. Конституциянын жаңы редакциясында төмөнкүлөр жоголуп кеткен:

  • аткаруу бийлик органдарынын, ошондой эле тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аталган органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөө;
  • изин суутпай издөөнү, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;
  • жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;
  • мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;

Конституциялык түзүм жана адам укуктары мындан ары туруктуу

Учурда колдонуудагы Конституция боюнча, өлкөнүн Баш мыйзамын кантип өзгөртүү керектигинин узак жана дыкат процедурасы бар. Бул ал өлкөнүн башкы документи болгондугу менен байланыштуу жана аны мыйзам тамгасына такабай ар кандай өзгөртүү коомдо жана өлкөдө жаңжалдарга алып келиши мүмкүн.

Анын дээрлик бардык бөлүмдөрүнө түзөтүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө укугу парламенттин депутаттарынын көпчүлүгүндө же 300 миңден кем эмес шайлоочуда бар болчу. Алар бардык процедуралар сакталгандан кийин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам катары референдумга коюлчу. Андан соң мыйзамга президент кол койчу.

Конституциялык түзүлүштүн негиздери, адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери жазылган бөлүмдөрүнө эч ким тийишүүгө акысы жок болчу, алар туруктуу болчу. Ошондой эле, учурдагы Конституцияга өзгөчө абалда жана аскерий абалда өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынган.

Жаңы редакция боюнча Конституциянын туруктуу бөлүмдөрү жок. Аны 300 миңден кем эмес шайлоочу өзгөртө алат, кошумча бул укукка президент менен парламенттин үчтөн экиси ээ болот. Өзгөртүүлөрдү, түзөтүү жана толуктоолор боюнча референдумду президент дайындайт.

«Конституциянын биринчи [«Конституциялык түзүлүштүн негиздери»], экинчи [«Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери»] , бешинчи [«Атайын макамы бар мамлекеттик бийлик органдары»] бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 300 миңден кем эмес шайлоочулардын, же президенттин, же Жогорку Кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси менен президент тарабынан дайындалган референдумда кабыл алынышы мүмкүн», — деп айтылат долбоордо.

Конституциянын үчүнчү, төртүнчү бөлүмдөрүндөгү жоболорго [«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жана «Аткаруу бийлиги»] өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү президенттин же Жогорку Кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси менен Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынат.

Мындан тышкары, жаңы редакциянын ушул бөлүмүндө Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн корутундуну Конституциялык сот берери тууралуу жобо пайда болгон [Конституциянын азыркы версиясында муну Жогорку соттун Конституциялык палатасы аткарат]. Бирок, Конституциялык сот аны кайсы критерийлер боюнча жасап, кайсы учурларда өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду бекитип же жокко чыгара алары тууралуу жазылган эмес.

«Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор Конституциянын жаңы редакциясы болушу мүмкүн» деген дагы бир жаңы пункт бар.

Материалды даярдагандар: Камила Баймуратова, Елена Короткова