«Алгач урат кийин өлтүрөт». Ошто аялдарга карата зомбулукка каршы жүрүш өттү

8-март, Ош шаары. Аялдар менен кыздарга карата зомбулукка каршы жөө жүрүш. Сүрөт: Айбике Адилет кызы/Kloop

Ош шаарында жарандык активисттер 8-мартта аялдарга жана кыздарга карата үй-бүлөлүк зомбулукка жана фемицидге каршы тынчтык жөө жүрүшүнө чыгышты. Алар Курманжан датка эстелигинин алдында чогулуп, шаардын борбордук көчөлөрүн аралап «Энелердин көз жашы» монументине чейин басышты.

Маршка 50гө жакын киши катышты, алардын көпчүлүгүн кыздар жана аялдар түздү.

Иш-чарада аялдарга карата сексуалдык жана физикалык зомбулук, кыздарды ала качуу менен мажбурлап турмуш курдуруу, келиндерди басмырлоо көйгөйлөрү айтылды.

Бир сааттан ашуун убакытка созулган маршта төмөнкүдөй чакырыктар жаңырды: «сабайт — демек кесилет», «келин — сенин кулуң эмес», «сен жалгыз эмессиң, биз сен менен», «ала качуу — салт эмес, ала качуу — бул кылмыш», «өзүмдүн укугумду коргоо — менин милдетим», «мен объект эмес аялмын», «мен коопсуз өлкөдө жашагым келет», «алгач урат кийин өлтүрөт», «аял аялды колдо», «зордук-зомбулук — кылмыш», «матчество болушу керек», «Бурулайдын жашагысы келген», «бизге укук керек — гүл эмес», «кызыл камчы сынсын», «эркиндик, теңдик, эже-сиңдилер», «мен идиш жуугуч эмес аялмын».

Катышуучулардын айтымында, жүрүштүн максаты — коомчулуктун марш тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана элдин көңүлүн Кыргызстандагы аялдар менен кыздардын укуктарын жана эркиндиктерин бузуу, чектөө сыяктуу көйгөйлөргө буруу.

Ошондой эле иш-чарада фемицид да айтылды. Катышуучулар аялдарды уруп-сабаган же өлүмгө чейин жеткиргендердин орду түрмө экенин эскертип өтүштү. Ошол эле учурда кылмышкерлер жазадан кутулуп кеткен учурлар да болуп жатканын эске салып, жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

*Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

«Клооптун» журналисттери Кыргызстандагы фемицид көрүнүшүн чагылдырып берүү үчүн киши өлтүрүүлөрдүн статистикасын талдап, 54 миңден ашуун криминалдык пресс-релиздер менен жаңылыктарды изилдеп чыккан. Жыйынтыгында алар Кыргызстанда аялдарды көбүнесе күйөөлөрү, жыныстык өнөктөштөрү өлтүрөрүн, ал эми фемицид түздөн-түз үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепети экенин аныкташкан.

Аялдарды өлтүрүүнүн учурларын дыкат изилдеп чыгып, 2008-жылдан бери Кыргызстанда 300дөн ашуун фемицид учуру болгонун аныктадык. Иш жүзүндө мындай учурлар кыйла көп, бирок биз ар бир өлтүрүүнүн чоо-жайын таба алган жокпуз.

Биздин талдоо фемициддин 75%ы киши колдуу болгон аялга тааныш болгон адам, жыныстык өнөктөшү, тууганы же жолдошу тарабынан жасалганын көрсөтөт. Ошондой болсо да аялдардын өмүрүнө көбүнесе тек гана күйөөлөрү кол салган. Аялдарды өлтүрүү учурларынын 11%ы гана көчөдө бейтааныш адам тарабынан жасалган.

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү