Кыргызстан аялдардын лидерлигин жана укугун коргоо аракетин жандантышы керек — БУУ

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Аялдардын эл аралык күнүнө карата жасаган кайрылуусунда өкмөттү «тоскоолдуктарды жок кылган жана элдин баары үчүн эң мыкты дүйнөнү түзүү үчүн күрөшкөн Кыргызстандагы аялдар жана кыздарга турмуш-тиричиликтин бардык тармактарында колдоо көрсөтүүгө» чакырды.

БУУнун маалыматына ылайык, Кыргызстанда аялдардын ролу мурдагыдай эле коомдук жашоодо жана чечим кабыл алууда жетишерлик көрсөтүлгөн эмес.

«Болуп келген социалдык жана системалык тоскоолдуктарга кошумча COVID-19дун пандемиясы аялдардын катышуусу менен лидерлиги үчүн жаңы тоскоолдуктарды жаратты. Аялдар үй-бүлөдө күчөп жаткан зомбулукка, үй-бүлө мүчөлөрүн багуудагы акы төлөнбөгөн милдеттерге, жумушсуздукка жана жакырчылыкка кабылууда, башкаларга караганда, айрыкча аялдар көбүрөөк жабыркап келет.

«Пандемияга каршы күрөштө алдыңкы катарда иштегендердин көпчүлүгү аялдар экенине карабай, COVID-19 илдетине байланышкан улуттук саясатты иштеп чыгууда аялдарга жетишээрлик орун берилбей, тең салмактуулук сакталбай калганы байкалат», — деп белгиледи БУУ.

Аялдардын эл аралык күнү мамлекетке жагымдуу саясий, укуктук, институционалдык шарттарды түзүү жолу менен лидер аялдарды, аялдардын укугун коргоого багытталган аракеттерин жакшыртуунун эскертүүсү катары зор мааниси бар экенин баса белгилешти.

«Адам укуктарын коргоонун жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүү элементи болуп, негизги эркиндиктерди, анын ичинде ой-пикирин эркин билдирүү жана тынч чогулуштарга болгон укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу эсептелет», — деп уюмда белгилешти.

Ошондой эле, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин «Муундар теңдиги боюнча форум» чакырыгы астында дүйнөлүк лидерлер бириккени жөнүндө БУУ билдирип, бул чакырыкка «коомдо жана экономикада чечим чыгаруунун бардык формаларында аялдардын катышуусун камсыз кылуу жана алардын ролун жогорулатуу боюнча көз көрүнө иш-аракеттерди аткаруу аркылуу кыргыз өкмөтүн, бардык коомдук жана саясий лидерлерди ынак болуусун ырастоого» чакырды.

«Гендердик теңчилик ар бир өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү негизи болуп эсептелет. Демек, Кыргызстандын улуттук өнүгүүсү түздөн-түз кыргыз аялдарынын коомдо жана өлкө экономикасында жетекчилик кызматтарга канчалык катыша алаары менен байланыштуу», — деп билдирет уюм.

БУУдан белгилешкендей, алар жарандык коомдун, академиялык чөйрөнүн, ЖМКнын, жеке сектордун жана кызыктар тараптын теңдүүлүктү, аялдарга карата зомбулуктун алдын алууну жана аялдардын коомдук турмушка катышуусуна көмөктөшүүнү алдыга жылдыруу боюнча аракеттерин колдойт.

«Биз аялдар жана кыздар менен кол кармашып, тең укуктуулук жана бирдей добуштуу шартта алардын жашоосундагы чыныгы өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн биригүүгө чакырабыз», — деп жыйынтыктаган БУУ.

ТЕМА БОЮНЧА:

Стереотиптерге каршы вакцина. Кыргызстанда кыздарга өз жолун табууга эмне тоскоол жаратат?

Кыргызстандагы жумушу бар аялдардын дээрлик бош убактысы болбойт — аны үй жыйноого коротушат