Улуттук статистика комитети жана «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы кеңсеси Аялдардын эл аралык 8-март күнүнө карата Кыргызстандагы аялдар жана эркектер тууралуу кеңири статистикасын даярдады.
Материалда кыргызстандык аялдар кайсыл тармактарда иштешет жана канча маяна алышары тууралуу маалымат берилген. Андан тышкары, бул маалыматка ылайык, Кыргызстанда жетекчилик кызматтагы жана депутат айымдардын саны аз.
Кыздар узагыраак окуйт
Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, толук орто билим алган окуучулардын көбүн кыздар түзөт, 10-11-класстардагы окуучулардын 55%ы — кыздар. Эркек балдар кесиптик билим алуу үчүн орто мектепти 9-класстан кийин эле таштап кетишет.
Ошондой эле, баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринде окуучулардын 70%ын эркектер түзөт. Ошол эле учурда, жогорку окуу жайында кыздар көбүрөөк окуйт, алар студенттердин 52%ын түзөт.
Билим берүү тармагындагы адистиктер боюнча окуган студенттердин арасында кыздар көп — 86%, ал эми техникалык илимдерде балдар — 64%. Эмгек базарында эркектерге караганда аялдар аз.
2019-жылы жогорку кесиптик билимге ээ болуп, иштеген жарандардын жалпы санында аялдардын үлүшү 27%ды түздү, ошол эле учурда эркектердин үлүшү — 18%, ал эми орто кесиптик билимге ээ болгондордун арасында аялдар 17%, эркектер 8%ды түздү.
Кыз-келиндер кайда иштеп, канча киреше табат?
2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыздуулук деңгээли 48%ды түзсө, экономика тармагында иштеген аялдардын орточо жашы 39 жашты түзгөн.
Дээрлик «аялдарга ылайык» делген тармактар — саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, мейманкана жана ресторандар тармагы, соода-сатык.
2020-жылдын ноябрь айындагы иликтөөгө таянсак жалпы республика боюнча айымдардын маянасынын мырзалардын айлык акысына карата катышы 75,4%ды түзгөн.
Ага ылайык, 2019-жылы аялдар эркектерге салыштырмалуу орто эсеп менен 4 303 сомго аз акча табышкан. Орто деңгээлдеги аял 2019-жылы айына 14 421 сом тапкан, ал эми эркектер — 18 724 сом.
«Аялдар менен эркектердин эмгек акысынын деңгээлинин айырмачылыгы алардын ар тараптуу тармакта жумуш менен камсыз болуусуна байланыштуу. Аялдар көбүнчө эмгек акысы аз болгон билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде иштешет», — деп белгиледи Улуттук статком.
Андан тышкары, өлкөдөгү 100 эркектин ичинен 76сы иштейт же иш издеп жүрөт, ал эми 100 аялдын ичинен иштегендери — 46. Ага ылайык, шаар жеринде 100 аялдын 50сү иштейт, айылдарда — болгону 43.
Ошондой эле, үй чарбасын жүргүзгөн жарандардын 97%ы — аялдар. Экономикалык жактан активдүү эмес калктын ичинде аялдардын үлүшү 70%ды түзөт.
Мында, 100 активдүү эмес аялдын ичинен 45и үй чарбасын жүргүзгөнү үчүн иштебейт. 100 активдүү эмес эркектин ичинен үчөөсү гана үй чарбасын жүргүзгөнү үчүн иштебейт.
Ошондой эле, аялдар арасындагы жумушсуздук эркектерге караганда жогору. Аялзаты канчалык жаш болсо, ошончолук иштебей калуу ыктымалдыгы жогору.
20-24 жаштагы 100 эркектин ичинен 64ү иштейт, ал эми 100 аялдын ичинен 29у ган иштейт. Мындай көрсөткүч кыргызстандык аялдар дал ушул жаш-куракта турмушка чыгып, же тун баласын төрөгөндүктөн келип чыгууда.
«Коомдо гендерди кабылдоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, аялдардын жана эркектердин 80%ы үй-бүлөдө аял киши үй иштери менен алек болуп, балдарды багышы керек, ал эми эркек киши акча таап иштеш керек деп эсептейт», — деп материалда белгиленет.
Канча жашта турмушка чыгышат?
Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, 2020-жылы 40 миң аял турмушка чыккан, алардын ичинен 97%ы биринчи жолу турмушка чыккан. Биринчи жолу турмушка чыккан аялдардын орто жашы 24, ал эми экинчи жолу турмуш кургандардыкы 35 жашты түзөт.
Кыргызстанда статистика боюнча аялдар тун баласын 24 жашында төрөйт, өмүрүнүн аягына чейин үч баланын энеси болот.
Аялдар жана эркектер убактысын кантип пайдаланат?
Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, эркектер орто эсеп менен 5 саатка көбүрөөк иштейт. Шаарларда эркектер жумасына 43 саат, ал эми аялдар 41 саат иштейт. Айырма айыл жашоочуларынын эсебинен келип чыгат, айылдарда эркектер жумасына 38 саат, аялдар 30 саат иштейт.
«Бирок, аялдар үй тиричиликте акысы төлөнбөгөн жумуштарга алда канча көп убакыт кетирет. Шаарда эркектер үй чарбасына күнүнө 1 саат, аялдар — 3,5 саат жумшайт. Айылдагы эркектер үй чарбасына күнүнө 1,5 саат, аялдар — 5 саат жумшашат», — деп материалда белгиленет.
Жетекчи жана депутат аялдар аз
Жетекчи жана жумушчу болуп иштеген аялдар аз, ал эми ар кыл деңгээлдеги адис аялдар көп.
Мындан тышкары, 100 мамлекеттик кызматкердин арасында 39 гана аял бар. Саясий жана атайын кызматтарда эркектер көп иштешейт: 25 аялга 75 эркек туура келет. Мамлекеттик органдарда аялдар эң көп Мамлекеттик каттоо кызматында, Улуттук статкомдо, Эмгек министрлигинде иштешет.
Ошондой эле, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында 100 кишиден 34ү гана аял, ал эми Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын ичинде 20 гана депутат аял бар.