Видео: Ошто тез татым жайы күйүп кетти, жабыркагандар жок

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Тилсиз жоо 8-мартта саат 19:45те катталды. Өрт алгач «Айти» кафесинен чыгып, жанында жайгашкан «Магнит» тез тамактануучу жайына өтүп кеткен.

Кесепетинен «Айти» кафесинин 45 чарчы метри толугу менен күйүп, «Магниттин» 15 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттөн улам жабыркагандар катталган жок, учурда анын себептери такталууда.

Өткөн жылдын август айында Оштогу «Ак-Шумкар» кафесинен өрт чыгып, дээрлик бир сааттын ичинде эки кабаттуу имараттын сырты толугу менен күйүп кеткен.