Видео: Оштогу Ак-Шумкар кафесинде чыккан өрттөн кишилер жабыркаган жок

Өрт чыккан Ак-Шумкар кафесинин имараты. Сүрөт: Байкал Топчубаев

Ош шаарынын Исхак Раззаков көчөсүндө жайгашкан Ак-Шумкар кафесинен 4-августта чыккан өрт дээрлик бир сааттан кийин толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен адамдар жабыркаган жок деп билдиришти.

«Өрт тууралуу маалымат 11:08 келип түшкөн. Өрт саат 11:38 чектөөгө алынган жана 12:28 толугу менен өчүрүлдү», ​— деп жазылат ӨКМдин пресс-релизинде.

Жеринде тартылган видеолорго караганда тилсиз жоо аябай бат тутанган. Өрт имараттын экинчи кабатынан чыгып башка жерлерге жайылган.

Күбөлөрдүн айтымында, өрттүн айынан Раззаков көчөсүндө чоң жол тыгынынын жаралышына себеп болгон.

Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз.