Бензиндин баасы дагы 7-10 сомго кымбаттайт — энергетика министринин орун басары

Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасы жакын арада өсөрүн кабарлады.

«Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-февраль айларында Орусиянын нефтини иштетүүчү заводдордун баалары 1 тонна бензин үчүн 100-150 АКШ долларына чейин көтөрүлөт, ошондо дагы 7 сомдон 10 сомго чейин бензиндин баасы көтөрүлүшү күтүлүүдө. Ал эми дизелге токтоло турган болсок, 1 тоннасы 40-60 АКШ долларына чейин көтөрүлүшү күтүлүп жатат. Ошондо анын баасы 3 сомдон 4,8 сомго чейин өсүшү күтүлүүдө», — деп Кадырбаев билдирди.

*Буга чейин Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын (КНА) аткаруучу директору Канат Эшатов 1-марттагы басма сөз жыйынында үстүбүздөгү жылдын март айында бензиндин баасы 8 сомго чейин кымбатташы ыктымал экенин билдирген.

2-мартта өкмөт башчысы Улукбек Марипов, Кыргызстандан мазуттан тышкары мунай заттардын бардык түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салган. Тыюу ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин күчүндө болот.

Андан соң Марипов өлкөдө күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасынын өсүшү боюнча пикирин билдирген. Марипов күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасын турукташтыруу жана таңкыстык жаралбашы үчүн өкмөт бардык керектүү чараларды көрө турганын убада кылган. Ошондой эле, Мариповдун айтымында, эгер бааларды турукташтыруу мүмкүн болбосо, кыргызстандыктар үчүн айыл-чарба продукциясы кымбаттап кетет.

Күйүүчү майлоочу каражаттардын баасы эмне үчүн өсүп жатат?

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатовдун айтымында, 2021-жылдын башынан бери Орусиянын нефть иштетүүчү заводдорунда бензин жана дизель отунун дүң сатууда коюлган баа кымбаттаган. Мындайча, 1 литр бензиндин баасы 67%га, же 14 сомго, ал эми дизель 31%га, же 8 сомго кымбаттаган.

«Мындан тышкары, 2021-жылдын башынан бери Казакстан Кыргызстанга мунай заттарды экспорттоону бир тараптуу токтоткон. Буга чейин 2020-жылдын май айынан бери мунай зат экспортуна уруксат берилген. Анын үстүнө, Казакстандын өзүндө азыр дизель отунунун таңкыстыгы жаралып, бул мунай заттын баасы өскөнү байкалууда. Натыйжада бизде да дизелдин баасы 5 сомго кымбаттаган», — деген Эшатов.

Эшатов күйүүчү майдын баасы сом девальвацияга кабылганына байланыштуу жогорулап жатканын белгилеген — 1 литр 6-7 сомго кымбаттаган.

Кыргызстандын айрым аймактарында күйүүчү майдын жетишсиздиги байкалууда. Баткен облусунун Исфана шааарынын жашоочуларынын айтымында, ушул тапта аталган аймакта бензиндин баасы 50 сомго чейин жеткен. Көпчүлүк май куюучу жайларда күйүүчү май жоктугунан узун кезектер пайда болгон.