Бишкекте 54 жаштагы киши адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Сүрөт: Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы

Бишкек шаарынын 54 жаштагы киши адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бишкек ШИИБинин кайгуул кызматы «Клоопко» билдиргендей, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Октябрь РИИБисине 10-мартта болжол менен саат 07:08 чамасында Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабарланган. Ошондой эле, маркум 42 жашта жана киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Бишкекте «Киши өлтүрүүгө» шектелип эки селсаяк кармалган. Милициянын маалыматына ылайык, 1-мартта Чуйков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанында белгисиз адамдын сөөгү табылып, ал жерге милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Соттук-медициналык эксперттер менен биргеликте жүргүзүлгөн сырткы кароо учурунда маркумдун башында жана чекесинде жаракат аныкталган. Маркум алган жаракаттарынан улам каза болгон.