Жапаровдун Өзбекстанга сапары. Кыргыз-өзбек мамилесинде эмне өзгөрөт?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-мартта мамлекеттик сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчылары кыргыз-өзбек өз ара жана көп тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы менен келечегин талкуулашты.

Президент Мирзиёев Өзбекстан Кыргызстан менен олуттуу жана толук масштабдуу кызматташтыкка даяр экенин айтты. Анын айтымында, эки өлкөнүн эли реалдуу натыйжаларды сезип, «мамлекет башчылары сөздөн ишке өтүп жатканын» көрүшү керек.

Жолугушуунун алкагында тараптар төмөнкүлөр боюнча макулдашты:

  • товар жүгүртүүнү жогорулатуу;
  • ишканалар менен бизнес объектилеринин ортосунда кызматташуу (эми биргелешкен ишканалардын);
  • Кыргыз-Өзбек инвестициялык фондун түзүү;
  • транспорт потенциалын таасирдүү колдонуу;
  • суу ресурстарын жана энергетиканы колдонуу тармагындагы кызматташуу;
  • чек ара маселесин чечүү.

«Өзбек тарап эки бир тууган элдин өсүп-өнүгүшү үчүн биргелешкен жигердүү жана жемиштүү иштерди алып баруу ниетинде», — деп баса белгиледи Шавкат Мирзиёев.

Негизги кызматташтык

Президент Жапаров Кыргызстан үчүн Өзбекстан менен менен эки тараптуу өз ара байланыштардын бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүктүрүү — тышкы саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берерин айтты.

Кыргыз-өзбек өз ара байланыштарынын бардык маселелер комплексин мындан ары активдештирүү максатында эки тараптуу кызматташтык боюнча парламенттер аралык жана өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйындарын өткөрүү пландаштырылууда.

Өлкө башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Ага ылайык, тараптар Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы «стратегиялык өнөктөштүк, достук, ынак коңшулук жана ишеним» мамилелерин активдүү өнүктүрүүнү макулдашты.

Кыргыз-өзбек кызматташуусун жакшыртууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондой эле, өзбек тарап 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын президентин демократиялык жол менен шайлоо ийгиликтүү өткөнүн баса белгиледи.

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо

Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштериндеги прогрессти канааттануу менен белгилеп, сүйлөшүүлөрдү улантып, активдештирүү зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамдаштырууну жыйынтыктоо мындан аркы достук мамилелерге жаңы дем берип, чек ара аймактарындагы туруктуулукту чыңдайт.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн чек араларында жайгашкан облустардын башчыларынын — кыргыз өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын облустарынын хокимдеринин Кеңеши өткөрүлөт.

«Кыргыз тараптын бардык көйгөйлүү маселелер боюнча конструктивдүү жана натыйжалуу диалогго даяр экендигине дагы бир жолу ишендирип өтөйүн. Биз биргеликте чек ара маселелеринде эки тарапка тең пайдалуу чечимге келе алабыз деп ишенем», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Тараптар Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы аткезчилик жана бажы мыйзамдарынын бузулуусуна каршы күрөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Транспорттук потенциал

Тараптар ««Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол магистралынын курулушу эки мамлекеттин түпкү кызыкчылыгына толук жооп бере тургандыгын», ал «региондогу эң пайдалуу жана натыйжалуу транзиттик коридор катары Борбордук Азиянын жагымдуулугун арттырууга өбөлгө боло тургандыгын» баса белгилешти.

Ошондой эле тараптар аймактагы жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн эл аралык «Ташкент — Андижан — Ош — Эркечтам — Кашкар» маршрутун пайдаланып баштоо тууралуу макулдашты.

«Эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы автобус, темир жол жана аба каттамдарын калыбына келтирүү Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жүк ташуу, жүргүнчү жана туристтик агымдын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт», — деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

Товар жүгүртүүнү көбөйтүү

Ошондой эле Жапаров, Кыргызстан өлкөлөр аралык кызмат көрсөтүү жана өз ара сооданы көбөйтүүгө, соода жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Бул максатта өлкөлөр товар жүгүртүүгө эки өлкөнүн рыногунда суроо-талапка ээ кошумча наркы жогору продукцияны кошуп киргизүү менен товарлардын ассортиментин андан ары кеңейтүү боюнча зарыл чараларды көрүшөт.

«Өзбекстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана биздин өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгында маанилүү орунду ээлейт. Ошондой эле биз бизнес өкүлдөрү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү жолу менен өз ара сооданы көбөйтүүгө макулдаштык», — деп айтты президент.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосундагы бизнес форумдун жүрүшүндө соода жаатында кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы инвестициялык климатты жакшыртуу максатында келишимдер түзүлдү.

Мындан тышкары, Кыргызстандын президенти биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн Инвестициялык фондун түзүү боюнча макулдашуулар түзүлгөнүн баса белгиледи. Өлкө башчылары анын иштөөсү боюнча макулдашууга кол коюшту.

Маданият жана саламаттык сактоо

Жапаров коронавирус пандемиясы күчөп турганда Кыргызстан бир тууган Өзбекстандын колдоосун толук сезгенин эске салды.

Ал президентти жана өзбек элин азык-түлүк, медициналык шаймандар, ооруканаларды куруу түрүндө көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Анын айтымында, тараптар пандемияга байланыштуу чектөөлөр алынып салынгандан кийин жакынкы мезгилде өз ара Маданият жана искусство күндөрүн өткөрүүнү макулдашышкан. Мамлекет башчыларынын айтымында, маданий өз ара кызматташтык достук мамилени чыңдоого өбөлгө түзөт.

Ошондой эле, эки тарап билим берүү жаатында, анын ичинде ЖОЖдордун түздөн-түз байланыштарынын деңгээлинде түзүлгөн кызматташууну улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Кыргызстандын президенти кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи.

«Ошону менен катар эле биздин астыбызда жасай турган көп иштер турат. Ага бизде каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар. Бир тууган Өзбекстан менен бардык багыттар боюнча натыйжалуу кызматташууну өнүктүрүүгө даярбыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Аягында Жапаров Шавкат Мирзиёевди өзүнө «ыңгайлуу убакта» жооптуу сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жапаровдун иш сапары

Садыр Жапаров 11-мартта Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын борбор калаасына мамлекеттик сапар менен келген. Ал президент болуп шайлангандан кийин үчүнчү иш сапарына чыкты. Жапаровдун алгачкы иш сапары Орусияга болгон, кийинки сапары Казакстанда болгон, ал жакта аны Казакстандын тышкы иштер министри тосуп алган.

Ташкендин аэропортунда Жапаровду өзбек премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Жапаровдун коштоп барган делегациянын курамына саламаттык сактоо, тышкы иштер, транспорт, билим берүү, энергетика жана өнөр жай министрлери кирген. Министрлерден тышкары Жапаров менен Өзбекстанга депутат Азизбек Турсунбаев, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков жана Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов да барган.