Жапаров мамлекеттик иш сапары менен Нур-Султан шаарына барды

Сүрөт: Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаров 2-мартта мамлекеттик иш сапары менен Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Бул ирет Жапаровду коштоп барган делегациянын курамында түрдүү рангдагы 12 аткаминер бар — Москвага болгон иш сапардан кичине азырак.

Маалыматка караганда, Нур-Султан эл аралык аэропортунда Жапаров баштаган делегацияны Казакстандын вице-премьер-министр — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султандын акими Алтай Кульгинов тосуп алган.

Мамлекет башчысы Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев, туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев жана башка чиновниктер менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун алгылыктуу багыттары талкууланары айтылууда.

Ошондой эле, басма сөз кызматтын маалыматына караганда, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугуу дагы пландалган.

Бул Садыр Жапаровдун президенттик кызматка келгенден кийинки чет өлкөгө болгон экинчи сапары. Буга чейин ал Москва шаарына барган.

ТЕМА БОЮНЧА: Президент Садыр Жапаров Москвага кетти. Аны коштогондор кимдер?