Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарын жыйынтыктап жатып кыргыз тарап Сох анклавына транспорттук жана авиакаттамдарды ачууга даяр экенин билдирди. Бул учурда анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан ээн-эркин өтө алышат.
Ошол эле маалда өзбек тарап Үңкүр-Тоого ээлик кылууну токтотууга даяр экенин айтты — кыргыз-өзбек чек арасында жашаган эл бир нече жылдан бери тоону талашып-тартышып келет.
Байтеректин айтымында, «калган талаштуу аймактардын делимитациясын атайын комиссия чечет». Эң алгачкы билдирүүсүндө басма сөз катчы «өзбек тарап Үңкүр-Тоо аймагын Кыргызстанга берүүгө даяр» деп жазган болчу. Көп өтпөй соцтармактын колдонуучулары анын билдирүүсүн сынга алды. Мындан улам Байтерек жазгандарын өчүрүүгө жана кайрадан билдирүү таратууга аргасыз болду.
«Үңкүр-Тоо ар дайым кыргыздын жери болгон, бирок көп жылдардан бери белгилүү болгондой, бул тилке эки өлкөнүн чек ара аймактарынын жергиликтүү тургундарынын ортосунда талаш-тартышты жана чыңалууну жаратып келген. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өзбек тарап мындан ары Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди», — деп жазды Байтерек.
Басма сөз катчы эки тарап тең кыргыз-өзбек чек арасынын делимитация жана деморкация иштерин жакынкы үч айда бүткөрүү керектиги боюнча макулдашууга жетишкенин белгиледи.
Ошондой эле ал Байтерек жакынкы күндөрү эки өлкөнүн аймагындагы жети өткөрмө бекети иштеп баштарын, жабдыктарды өзбек тарап камсыз кылууну убадалаганын кошумчалады.
12 мартта Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары аягына чыкты. Анын жыйынтыгы менен эки өлкөнүн башчылары товар жүгүртүүнү жогорулатууну, ишканалар менен бизнес объектилеринин ортосунда кызматташууну (эми биргелешкен ишканалардын), Кыргыз-Өзбек инвестициялык фондун түзүү, транспорт потенциалын таасирдүү колдонууну, суу ресурстарын жана энергетиканы колдонуу тармагындагы кызматташууну, чек ара маселесин чечүүнү макулдашты.
Үңкүр-Тоо кимге таандык?
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун кимге таандык экендиги тууралуу талаш-тартыш 2013-жылдын сентябрында, качан Өзбекстандын аскерлери келип, тоого өз желегин орноткондон кийин пайда болгон. Ал окуя жергиликтүү калкты тынчсыздандырып, бийликтин 2013-жылдын 1-октябрына чейин Өзбекстан менен болгон чек ара маселесин чечүүсүн талап кылган нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.
Анткени Үнкүр-Тоодогу телемунаранын Өзбекстандын аймагында жайгашкандыгы жазылган делинген өкмөттүн 2015-жылдын 11-ноябрындагы протоколунун үзүндү тарап кеткен.
Кыргызстандын өкмөтү ал маалыматты четке кагып, тилке тактала элек экенин билдирген. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан 22-марттагы пресс-релизге ылайык, маселени Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия чечет.
2016-жылдын 18-мартында Өзбекстан Аксы районунун Чаласарт аймагындагы чек аранын тактала элек тилкесине эки БТР унаасын, эки КамАзын жана 40ка жакын аскер кызматкерлерин жайгаштырган. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы орун алган.
Мунаранын кызматкерлерин өзбек милиционерлери тарабынан кармалып, алар 16 күн милициянын Янгикурган бөлүмүндө кармалган.
Бул Кыргызстан Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычында оңдоо иштерин жүргүзүүгө Өзбекстандын жумушчуларын киргизүүдөн баш тарткандан кийин болгон.
Ошол эле күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өзбек өкмөтүнө чек арадагы тосмолорду алуу талабы жазылган нааразычылык нотасын жөнөткөн. Бирок ага эч кандай жооп болгон эмес. Эртеси Кыргызстан чек арага жакын жерге эки БТР унаасын жана аскерлерин жайгаштырган.
Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычынан кыргыз аскерлерин алууну талап кылган. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин өзбек милиционерлери такталбаган тилкеден кеткен.