Акыркы суткада коронавирустан 27 киши сакайды, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 14-мартта 27 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын маалымдашты. Сакайгандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 11, Бишкек шаарында — 10, Ош шаарында жана Ош облусунда — бирден, Нарын жана Баткен облустарында — экиден бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 83 836 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 250 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 18 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 250 киши дарыланып жатат.

Ал эми акыркы суткада коронавирустун жаңы 32 учуру катталды. Бишкек шаарында — 22, Ош жана Ысык-Көл облустарында — бештен учур аныкталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 86 850гө жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында аныкталды — 29 238. Ал эми Чүй облусунда — 13 221, Ысык-Көл облусунда — 7 914, Ош шаарында — 5 638, Ош облусунда — 8 535, Нарын облусунда — 2 469, Жалал-Абад облусунда — 10 003, Баткен облусунда — 7 220, Талас облусунда — 2 618 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 657.

Мындан сырткары, акыркы суткада COVID-19ду жуктуруп бир бейтап каза болду. Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 481 киши көз жумду.

Ошондой эле, өлкө боюнча медиктер арасында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган жок. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 207ге жетти, анын ичинен 4 195 медкызматкер илдеттен айыкты.