Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына коридор бербейт — өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү

Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына «коридор берет» деген маалымат туура эмес. Мындай билдирүүнү өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү 14-мартта жасады. Ошондой эле, өкүлчүлүк кыргызстандыктарды туура эмес маалымат таратуу менен терс коомдук пикир жаратпоого чакырды.

Маалыматка ылайык, буга чейин пандемияга байланыштуу жабылган Кадамжай районундагы «Кайтпас» көзөмөл өткөрүү жайы кайра ачылып, эки өлкөнүн жарандары эреже боюнча чек арадан өтүшөт.

«Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга “Кайтпас” өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрүп, “Өтүкчү” көзөмөл өткөрүү жайынан кайрадан текшерилип Өзбекстандын Сох районуна киришет», — деп маалымдады ведомство.

Мындан сырткары, өкүлчүлүк «Кайтпас» өткөрүү жайы ачылса Кадамжай автожол өткөрүү жайында чек арадан өтө турган жарандардын кыймылы азая тургандыгын белгиледи. Ошондой эле, Кадамжай шаарынан Чечме айылына чейинки калктуу конуштарды аралап өткөн трассада автоунаа тыгындары да жоюлаарын кошумчалады.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек кыргыз тарап Сох анклавына транспорттук жана авиакаттамдарды ачууга даяр деген маалымат тараткан. Анын ордуна Өзбекстан Үңкүр-Тоого ээлик кылууну токтотот деп билдирген.

Аталган кызмат муну мындан эки күн мурун Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарын жыйынтыгында билдирген жана анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан ээн-эркин өтө алышат деп белгилеген.

Байтеректин билдирүүсү социалдык тармактарда нааразычылык жараткан. Айрым колдонуучулар «Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына коридор бериптир» деп түшүнүшкөн, ал эми башкалары «Үңкүр-Тоо Кыргызстанга таандык болуп келген» дешкен.

Жапаров Өзбекстанга 11-12-мартта мамлекеттик иш сапары менен барып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушкан. Эки өлкөнүн башчылары товар жүгүртүүнү жогорулатууну, ишканалар менен бизнес объектилеринин ортосунда кызматташууну, Кыргыз-Өзбек инвестициялык фондун түзүү, транспорт потенциалын таасирдүү колдонууну, суу ресурстарын жана энергетиканы колдонуу тармагындагы кызматташууну, чек ара маселесин чечүүнү макулдашкан.

Тема боюнча:

Кыргызстан Сох анклавына жол ачат, Өзбекстан Үңкүр-Тоого ээлик кылууну токтотот