Акыркы суткада коронавирустун 73 учуру катталды, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 16-мартта 49 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын маалымдашты. Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда — он бештен, Ош шаарында, Ош жана Нарын облусунда — үчтөн, Чүй облусунда — тогуз, Баткен облусунда — бир бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 83 924 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 337 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 15 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 307 киши дарыланып жатат.

Ал эми акыркы суткада коронавирустун жаңы 73 учуру катталды. Бишкек шаарында — 23, Чүй облусунда — 40, Ош шаарында, Ош жана Баткен облустарында — экиден, Ысык-Көл облусунда — үч учур аныкталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 86 990га жетти. 

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 137.

Мындан сырткары, акыркы суткада Чүй облусунда COVID-19ду жуктуруп каза болгон бир бейтап аныкталды. Кыргызстанда илдеттен 1 484 киши көз жумду.

Ошондой эле, өлкө боюнча медиктер арасында да коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган эмес. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 208ге жетти, анын ичинен 4 195 медкызматкер илдеттен айыкты.