AstraZeneca вакцинасын Кыргызстанга алып келүү убактылуу токтотулду

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Оксфорддун AstraZeneca вакцинасы боюнча Европада жаралган кырдаалга байланыштуу аны Кыргызстанга алып келүү иши убактылуу токтотулганын маалымдады.

Буга чейин бир катар өлкөлөр бейтаптарда тромбдордун пайда болуп кетишинен кооптонушуп, AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартышты.

Буга чейин бир нече өлкө вакцинаны кабыл алгандан кийинки тромбоэмболиялык жана башка коркунучтардан улам эмдөөнү убактылуу токтотушкан. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вакцинацияны уланта берүүнү сунушташкан — ДССУнун расмий өкүлү Маргарет Харристин айтымында, эмдөө алгандар вакцинадан улам көз жумганы жөнүндө далилдер жок.

Буга чейин Бейшеналиев вакцина Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын март айында COVAX программасынын алкагында келерин билдирген.

Ошол эле учурда, Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Азаттык» радиосуна вакциналарды алып келүү маселеси али чечиле элек деп билдирди.

Анын айтымында, өкмөт вакцинаны алып келүү боюнча макулдашууга кол коюуга даяр болчу, улуттук вакцинация планын иштеп чыккан. Бирок, айрым өлкөлөр бул вакцинадан ыктымалдуу зыян таасиринен улам баш тартып жатканы тууралуу маалыматтар пайда болуп баштаган.

«Биз программага маалымат сурап кайрылдык, анын ичинде вакцинаны алмаштыра алыбызбы-жогун сурап. Азырынча алар тараптан нускама иштелип жатат, жакында берген суроолорубуздун жообун алабыз. Биз маселе биротоло чечилмейин AstraZenecaдан баш тарткан жокпуз», — деди Гүлбара Ишенапысова.

Ошондой эле, ал «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын алуу боюнча Орусия менен келишимди аткаруу багытындагы иштер уланып жатканын кошумчалады. Жакын арада 150 миң доза өлчөмүндөгү Sinopharm кытайлык вакцинасы келиши күтүлүүдө.

Европада AstraZeneca тууралуу эмне дешүүдө?

Бул вакцинаны колдонуудан Дания, Норвегия, Исландия, Болгария жана Тайланда убактылуу баш тарткан. Буга мамлекеттердин вакцина алган адамдарда тромб жаралуу кооптонуусу себеп болгон.

Испаниянын бир нече аймактарында AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө токтотулган, Италия жана Австрияда шек жараткан партия жүгүртүүдөн алынып салынган. А бирок Австриянын канцлери Себастьян Курц вакцинага ишенээрин, өзү дагы эмдөө аларын билдирген.

Ал эми Европалын дары-дармек каражаттар агенттиги (EMA) AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө тромб жаралуу коркунучун пайда кылбайт, эмдөөнү улантууга болот деп жарыялаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын пайдаланууну улантууну сунуштаган, себеп дегенде эмделгендердин өлүмү вакцинага байланыштуу экени далилденген эмес.