ДССУ AstraZeneca вакцинасын колдонууну улантууну сунуштайт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын пайдаланууну улантууну сунуштайт.

Буга чейин бир нече өлкөлөр вакцинаны кабыл алгандан кийинки тромбоэмболиялык жана башка коркунучтардан улам эмдөөнү убактылуу токтотушкан.

ДССУнун расмий өкүлү Маргарет Харристин айтымында, эмдөө алгандар вакцинадан улам көз жумганы жөнүндө далилдер жок.

«AstraZeneca — азыр колдонулуп жаткан башка препараттардай эле мыкты вакцина. Биз адам өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды текшерип жатабыз. Бүгүнкү күндө алардын өлүмү вацинациялоодон улам болгону далилдене элек. Ошондуктан AstraZeneca вакцинасын колдонууну улантуу абдан маанилүү экенин түшүнүү керек», — деп билдирди Харрис.

Европада AstraZeneca тууралуу эмне дешүүдө?

Бул вакцинаны колдонуудан Дания, Норвегия, Исландия, Болгария жана Тайланда убактылуу баш тарткан. Буга мамлекеттердин вакцина алган адамдарда тромб жаралуу кооптонуусу себеп болгон.

Испаниянын бир нече аймактарында AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө токтотулган, Италия жана Австрияда шек жараткан партия жүгүртүүдөн алынып салынган. А бирок Австриянын канцлери Себастьян Курц вакцинага ишенээрин, өзү дагы эмдөө аларын билдирген.

Ал эми Европалын дары-дармек каражаттар агенттиги (EMA) AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө тромб жаралуу коркунучун пайда кылбайт, эмдөөнү улантууга болот деп жарыялаган.

«EMA комитетинин коопсуздук боюнча позициясы [...] вакцинанын пайдасы менен коркунучун салыштыра келгенде, тараза ташы пайда тарабына оойт, демек эмдөөнү уланта берсе болот. Азырынча тромбоэмболия фактысы боюнча иликтөө уланууда», — деп айтылган EMAнын билдирүүсүндө.

Кыргызстан жана AstraZeneca

Вакцинаны британ-шведдик AstraZeneca компаниясы Оксфорд университети менен бирге иштеп чыккан. 2020-жылдын декабрь айынын башында AstraZeneca коронавируска каршы вакцинасынын орточо таасирдүүлүгү 70%ды түзөрүн айтып чыккан.

Вакцина эки жолу, 4-12 жумалык аралык менен сайылат. AstraZeneca вакцинасынын сактоо шарты 2-8°С түзөт (кадимки муздаткычтын шарты). Сактоо мөөнөтү алты ай.

Улуу Британия AstraZeneca компаниясынын вакцинасын алгачкылардан болуп каттоого алып, жарандарын эмдей баштаган алгачкы өлкө болгон. Ал эми 30-январда Европа биримдигине кирген бардык өлкөлөрү аталган вакцинаны колдонууга уруксат берген.

2021-жылы февралда Кыргызстан COVAX альянсынын алкагында оксфорддук AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасын алары белгилүү болгон. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев вакцина Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын март айында келерин билдирген, бирок азырынча вакцина келген-келбегени белгисиз.