Кримтөбөл «Алтуха» эч жакка кетпөө шарты менен бошотулду

Сот «Алтуха» деген каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алтынбек Ибраимовдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу 4-мартта Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

«Судья Ибраимовдун үй камагында болуу бөгөт чарасын сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтү бүткүчө эч жакка кетпөө тилкаты чарасына өзгөрттү», — деп Биринчи май райсотунан билдиришти.

Ибраимов 16-январдан бери үй камагында болгон — анда сот мындай бөгөт чарасын эки айлык мөөнөт менен бекиткен.

Алтуха деген ким?

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Алтынбек Ибраимов жети ирет соттолгон, криминалдык дүйнөдө «положенец» жана Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп саналат.

Ибраимовдун аты ал эки жыл мурда опузалап пара алгандыгы үчүн 2015-жылы кармалгандан кийин кеңири белгилүү болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал шериктери менен ишкер Руслан Матниязовду күч менен унаага салып, тоого алып чыгып, андан 80 миң доллар талап кылышкан.

Ибраимов жана шериги Тынчтык Орозалиевге «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» жана «Опузалоо» беренелери боюнча айып тагылган. Бирок райондук сот аларды актап, бошотуп жиберген.

Анда жабырлануучунун аялы соттун чечимин Бишкек шаардык сотуна даттанган. Шаардык сот Алтуханы 11 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң 2017-жылы Свердлов райсоту Ибраимовду опузалоо боюнча күнөөлүү деп табууга далилдер жетишсиз деген жүйөө менен жазадан бошоткон.

2021-жылдын 11-январында ИИМдин криминалдык милиция кызматы Ибраимовго түшүндүрүү иштерин жүргүзөн. Укук коргоо органдарынын айтымында, алар «көп жолу соттолгон» Ибраимовго мыйзам жана тартипти сактоо зарылдыгын эскертишкен.

Эки күндөн кийин Ибраимов Коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал күнү мекеменин басма сөз кызматы атайын кызматкерлер анын кылмыш иштерине тиешеси бар-жогун текшерип жатканы боюнча кабарлаган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, 15-январдан 16-январга караган түнү Биринчи май райсотунун тергөө судьясы Ибраимовду сот залынан үй камагына бошоткон. Ал эки ай бою саат 22:00дөн 06:00гө чейин үйүнөн эч жакка чыкпашы керек болчу.